Путин: Россиянын каршылаштары өлкөнү ондогон майда бөлүктөргө бөлүүнү көздөөдө

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Жазылуу
РФ башчысы Россияны бөлүп-жарууга жасалган чакырыктардын артында кызыкчылыктар бар экенин белгиледи.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Россияны ондогон майда бөлүктөргө бөлүү керек деп айтып жаткан РФтин каршылаштарын "акмактар" деп атаганын РИА Новости жазды.

"Биздин неоколониалдык ой жүгүртүү менен жашап жүргөн каршылаштарыбыз чынында акмактар. Алар так ушул көп түрдүүлүк бизди күчтүү кылып жатканын түшүнбөй атат. Алардын эффект болот деп жасаган аракеттеринен майнап чыкпайт", — деди Путин Улуттар аралык мамилелер кеңешинин жыйынында.

РФ башчысы Россияны ондогон майда бөлүктөргө бөлүүгө жасалган чакырыктардын артында кызыкчылыктар бар экенин белгиледи. Ал ошондой эле өлкөнүн каршылаштары анын аймагын бөлүп-жарып, кийин өзүнө баш ийдирип алгысы келип жатканын кошумчалады.
"Учурда Россияга тыштан катуу басым жасалып жатат. Дээрлик бардык арсенал (экономикалык, аскердик, саясий, маалыматтык) бизге каршы чыгууда. Антироссиялык чоң пропаганда жүрүп жатат", — деди ал.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Россия падышалар менен совет бийлигинин кылымдап көксөгөн кыялын орундатты
Жаңылыктар түрмөгү
0