Чүй жергесинде алдыдагы жумада аба ырайы кандай болот?

Чүй жергеси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Жазылуу
Жума ичи жаан-чачындуу болот.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Чүй облусунда аба ырайы кандай болору туурасында божомолун таратты.
Маалыматка ылайык, 21-22-майда түнкүсүн жана 23-майда жаан жаайт. 24-майда күн ачык болот.
Ал эми 25-26-майда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.
27-май дагы жаан-чачындуу болот.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 23-майда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Сел. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүшү мүмкүн! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0