Жээнбек Кулубаев: Борбор Азиянын коопсуздугу Кытайды тынчсыздандырууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Жазылуу
Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин дүйнө стабилдүү жана гүлдөп өнүккөн Борбор Азияга муктаж экенин айткан.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кытай Борбор Азия өлкөлөрүндөгү стабилдүүлүк жана коопсуздук маселелерине тынчсызданууда. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сиань шаарында өткөн Кытай-Борбор Азия саммитинин жыйынтыгында билдирди.
"Кытай тарап биздин аймактын туруктуулугу жана коопсуздугу үчүн тынчсызданууда. Кытай Борбордук Азия мамлекеттер менен чогуу өнүгүп, тынчтыкты кармоого кызыкдар. Бул Кытайдын батыш тараптагы провинцияларын өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүк ачат. Платформа натыйжалуу иштеши үчүн биз тараптан көп сунуштар айтылды. Кийинки жолугушуу 2025-жылы Казакстанда өтүп, андан ары башка өлкөлөргө берилет", — деди Кулубаев.
Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин дүйнө стабилдүү жана гүлдөп өнүккөн Борбор Азияга муктаж экенин айткан.
Кечээ, 19-майда, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлеринин биринчи бетме-бет саммити Сиань шаарында өттү. Анын жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды. Ошондой эле саммиттин алкагында 9 документке кол коюлду.
Чек арадан өтүп бараткан фура. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Бедел. Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрүү жайы пайда болот
Жаңылыктар түрмөгү
0