Жаан-чачындуу болот. Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовАвтобуста отургандар жарандар. Архивдик сүрөт
Автобуста отургандар жарандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2023
Жазылуу
Өлкөнүн көпчүлүк аймактары жаан-чачындуу болуп, тоолуу райондорго кар түшөт.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызгидромет 27-майга чейин Кыргызстандын аймагында кандай аба ырайы болору тууралуу маалымат берди.
Божомолго ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

Чүй

21-22-майда түнкүсүн жана 23-майда жаан жаайт. 24-майда күндүз күн ачык болот. Ал эми 25-26-майда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. 27-май дагы жаан-чачындуу болот.

Талас

21-майда түнкүсүн бийик тоолуу райондордо кар түшөт. 22-майдан 25-майга чейин аймактарда маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 26-27-майда дагы күндүн көзү ачылбайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

21-22-майда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Ал эми 23-майда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. 24-майда күндүз, 25-май жамгырлуу болот. 26-27-майда да ушундай аба ырайы болорун айтышты.

Ысык-Көл, Нарын облустары

21-майда жана 22-майда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. 23-майда жамгыр катуу жаайт. 25-26-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 27-майда болсо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт.
Бардык аймакта бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 23-майда айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Аялдамада отурган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0