Адатыңардан арылгыла. Акылбек Жапаров элди коомдук транспорт менен жүрүүгө чакырды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
Жазылуу
Өкмөт башчы элдин келечеги климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралардан көз каранды экенин белгиледи.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды көнүп калган адаттарынан арылууга чакырды.
Ал кечээ Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүү шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында сүйлөгөнүн маалымат кызматы билдирди. Анда өкмөт башчы коомчулукту планетанын ресурстарын үнөмдүү колдонууга үндөгөн.
"Электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды колдонуу, коомдук транспорт менен жүрүүгө өтүү, таштандыны ылгоо, сууга сарамжалдуу мамиле кылуу — мындай кадамдарды жасоо ар бир адамдын колунан келет, болгону адаттарыбыздан арылышыбыз керек", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал "биздин келечегибиз климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралардан көз каранды" деп белгилеген.
Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Депутат: мурда Акылбек Жапаровду жаман көрөт элем, азыр күчтүү экенине ынандым
Жаңылыктар түрмөгү
0