Депутат фейктерди "басып" билим берүү министрине жардам берип жатканын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Жазылуу
Токторбаев аткаминердин ишин интернет аркылуу көрүп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге соцтармактан колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.
Бүгүн парламентте мыйзам долбоору каралып жатканда эл өкүлү министрге кандай жардам берип жатканын айтып берди.
"Каныбек Капашевич, кандай, жумуштар жакшыбы? Жылыштар бар, интернеттен көрүп, сизге колдоо көрсөтүп, фейктерди басып жардамдашып жатабыз", — деди Токторбаев.
Андан соң ал Индия, Пакистан, Өзбекстан, Афганстандан келген студенттер орус тилинде окутулуп жатканын айтып, кыргыз тили көмүскөдө калып калганын белгиледи.
Ага жооп берген Иманалиев Индия, Пакистандан келгендерге англис тилинде билим берилерин билдирди. Ошол эле учурда кыргыз тилине урмат-сый менен мамиле кылышына көзөмөл жүргүзүүнү убадалады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Кордобогулачы! Спикер Шакиев аты-жөнүн орусча жазып алган аткаминерлерди жемеледи
Жаңылыктар түрмөгү
0