Депутат Өмүрзаков "Аманат курулуш инвесттин" артында ким турарын аныктоону тапшырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2023
Жазылуу
Эл өкүлү башкы подрядчы компанияга тез арада чара көрүү керектигин айтты.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков Баткенге үй курган "Аманат курулуш инвест" компаниясынын артында ким турарын аныктоого тапшырма берди.
Анын айтымында, тажик тараптын кол салуусунан талкаланган үйлөрдү курууга катышкан ишкерлерден төраганын атына жана Өмүрзаков жетектеген Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине арыздар келип түшкөн.
"Аманат курулуш инвест" деген компанияга мамлекеттен аябай көп акча бөлүнүп берилген экен. Анан бул фирма тарыхы, аты жок фирмаларга акчаны которуп бериптир. Каражаттын бүгүнкүгө чейин дайыны жок", — деди Өмүрзаков.
Ошондой эле депутат бул маселе боюнча жакында эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге, президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго бир нече ирет кайрылганын эске салды.
"Карап койгула, балким туура эместир, чагым болуп жүрбөсүн дегенбиз. Бирок мына бизге расмий түрдө кат келип түштү. 30дан ашуун ишкер "20 миллионго жакын акчабызды бербей жатат, анын ичинде эмгек акы бар, курулуш материалдарын карызга алган элек" деп арызданышууда. "Аманат курулуш инвест" кимдики, артында ким турат? Буга тез арада чара көрбөсө болбойт", — деди депутат.
Аны менен катар Өмүрзаков маселе ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде карала турганын белгиледи. Жыйынтыгында арыздарды укук коргоо органдарына өткөрүп берерин айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган көйгөйдү Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев да айтып чыккан.
Бир нече куруучу Бишкекке чейин келип, 300дөй адам 30 миллион сомдук акысын ала албай жатканын айтып президентке кайрылуу жасашкан. Алардын айтымында, башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" Капчыгай айылына "Алмалуу Доор курулуш" аттуу субподрядчыны жалдаган. Андан соң ал дагы жети-сегиз суб-субподрядчы жалдап, ар бирине беш-ондон үй бөлүп берген. Кийинчерээк президенттин администрациясы карыздар төлөнө баштаганын билдирген.
Көп өтпөй эле курулуш компаниялары менен кызматташып, бирок акчасын ала албай калган баткендик ишкерлер бийликтен жардам сурап облустук администрацияга келишкен.
Белгилей кетсек, Баткенде талкаланган 418 үйдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сом бөлүнгөн. Президент Садыр Жапаров жаңы жылга чейин баарын куруп бүткөрүүгө тапшырма берген. Бирок ал аткарылбай, кийинчерээк башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясы март айында иш толук соңуна чыгарын убадалаган.
 Баткендеги талкаланган турак жайларды куруп иштеген усталар жана курулуш материалдарын саткан соодагерлер акчасын ала албай жатканын айтып президентке кайрылышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Баткенде үй кургандар, ишкерлер акчасын ала албай дагы Бишкекке келишти
Жаңылыктар түрмөгү
0