Баланы психикалык жактан дени сак кылып тарбиялоонун жолдору

© Фото / Pexels/ Josh WillinkБала көтөрүп турган адам. Архив
Бала көтөрүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2023
Жазылуу
Адистер баланы сүйүүгө бөлөп, камкордук менен тарбиялоо керектигин эскертишет.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Психикалык жактан дени сак инсандын калыптанышы толугу менен анын үч жашка чейин алган тарбиясынан жана ата-энесинин камкордугунан көз каранды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
Адистердин айтымында, инсандын өздүк, ички "мен" деген сезими болжол менен үч жашка чейинки курагында калыптанат. Андыктан баланы ымыркай кезинен баштап өзүн-өзү сыйлоого үйрөтүү маанилүү.
"Үч жашка чейинки, дегеле андан чоң баланы сөгүп же кемсинтүүгө болбойт. Анын үстүнө баланы уруп-сабап, эркиндигин чектөө жакшылыкка алып келбейт", — деп айтылат маалыматта.
Бишкектик дарыгерлер баланы сүйүүгө бөлөп, камкордук менен тарбиялоо зарылдыгын эскертишет. Болбосо, анын айлана-чөйрөнү кабылдоосу бурмаланып, адилетсиз мамиледен улам психикасы катуу жабыркап калышы мүмкүн.
"Бул — адамдын кийинки жүрүм-турумуна жана психикалык абалына таасир берчү факторлор. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн жыныстык жетилүү мезгилинде бала менен туура байланыш түзүп, аны уга билүү керек. Бул психикалык жактан коомдун дени сак мүчөсүн тарбиялоонун негизги бөлүгү болуп саналат", — деп билдирди борбор.
Кан басымды өлчө учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2023
Токмокто 27-май күнү “Кан басымыңды бил” акциясы өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0