Садыр Жапаров Бишкектеги заводдун иштебей турган цехтерин көрүп чыкты. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров Бишкектеги заводдун иштебей турган цехтерин көрүп чыкты
Садыр Жапаров Бишкектеги заводдун иштебей турган цехтерин көрүп чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2023
Жазылуу
Президент министрлер кабинетине инвестиция тартууну, токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнү тапшырды.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Садыр Жапаров "Бишкек машина куруучу заводу" жана "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканаларына барды. Ошондой эле "Кыргызиндустрия" ААКнын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы заводдордун өндүрүш аймактарын, токтоп турган цехтерди жана ишканалардын объектилерин көрүп чыккан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет башчысына аталган объектилердин кубаттуулугун жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иштер тууралуу, технопарк сыяктуу ири объектилерди ачуу үчүн чет элдик инвестицияны тартуу жөнүндө маалымат берди.
"Мындан тышкары, президентке мамлекеттин 100 пайыз катышуусунда 1 миллиард сом уставдык капиталы менен түзүлгөн "Кыргызиндустрия" ААКсы ишке ашырып жаткан долбоорлорду көрсөтүп, тааныштырышты. ААКнын жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүү, токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү аркылуу тармакты жандандырууга багытталган бир катар конкреттүү долбоорлору бар", — деп айтылат маалыматта.
Бийликтин маалыматына караганда, "Кыргызиндустрия" ААКсы 19 долбоорду ишке ашырып, анын 9у толук кубаттуулукта иштеп, өз продукциясын чыгара баштады. Бирок кошумча каражат берүү токтотулгандыктан калган 10 долбоор ишке ашырылбай турат.
Президент министрлер кабинетине инвестиция тартууну, токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнү тапшырды.
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумунун жыйынында президенттер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2023
Москвада Жапаров катышкан ЕЭКтин жыйынында 13 документке кол коюлду. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0