Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаева эки айга камакка алынды

© пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков. Архив
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2023
Жазылуу
Айыпталуучу УКМКнын тергөө камагында болот.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаева эки айга камакка алынды. Маалыматты Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Ага ылайык, Алимбаеванын баш коргоо чарасы бүгүн Биринчи май райондук сотунда каралган.
"УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү сотто канааттандырылып, Алимбаева 24-июлга чейин камакка алынды. Ал УКМКнын тергөө камагына киргизилет", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Алимбаеванын адвокатынын билдирүүсүнө таянып, ал жер тилкелерин мыйзамсыз негизде ыйгарып алууга шектелип кармалганын жазышкан.
Вице-мэр Нурдан Орунтаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2023
УКМК Орунтаевди "Батуми" кафесинин чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди
Жаңылыктар түрмөгү
0