Улуттук банк шектүү жактарга инвестиция салууда этият болууну эскертет

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Жазылуу
Банк өкүлдөрү маалыматты ар дайым расмий сайттардан жана маалымат булактарынан тактоо керектигин эскертет.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Улуттук банк жарандарды шектүү жактарга инвестиция салууда этият болууга чакырат.
Башкы банк акыркы учурда мессенжерлерде финансылык уюмдардын атын колдонуп аз убакытта көп киреше табуу үчүн активдерди сатып алуу же акча салуу сунуштары арбын таркатылып жатканын билдирди.
"Алдамчылар калктын көңүлүн буруу үчүн белгилүү бир активге акча салып, андан эселеген көлөмдө кирешени товарга же кызмат көрсөтүүгө алмаштырууга болот деген жалган маалыматтарды таратып жатат. Элди көбүрөөк ишендирүү үчүн шылуундар Улуттук банктын атрибуттарын жана медиа чөйрөсүндө кеңири таанымал инсандардын сүрөттөрүн пайдаланган учурлар да кездешүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк мындай учурлардан этият болууга жана төмөнкү коопсуздук чараларды так сактоого чакырат:
маалыматты расмий сайттардан гана алыңыз, шектүү шилтемелерге кирбеңиз;
эгерде картаңызды жоготуп алсаңыз дароо банкка чалып, капчыгыңызды блоктоп коюңуз;
дайыма өз операцияларыңызды банктын көчүрмөсүнө салыштырып текшериңиз. Эгерде сиз аткарбаган операция жүргүзүлгөнүн аныктасаңыз, дароо банкка арыз менен кайрылыңыз;
картанын номерин, ПИН-код жана CVV/CVC коддорун эч кимге бербеңиз.
Финансылык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу суроолор пайда болсо Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86 телефону, 0501 89 00 00 whatsapp-каналы жана 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 мобилдик номерлер аркылуу кайрылууга болот.
Акча. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2023
Улуттук банк тез эле байыйсың деген шылуундардан сак болууну эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0