1-июнга карата аба ырайы

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бейшембиде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +21...+26, ал эми Нарында +16...+21 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +28...+30, Ошто +30...+32, ал эми Чолпон-Атада +21...+23 градуска жетет.
Аялдамада отурган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0