Балбан Дастан Кадыров Бишкектеги ири турнирде алгачкы медалды алды. Сүрөт

© Фото / Департамент физической культуры и спортаБалбан Дастан Кадыров (оң жакта) Бишкектеги ири турнирде алгачкы медалды алды
Балбан Дастан Кадыров (оң жакта) Бишкектеги ири турнирде алгачкы медалды алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Жазылуу
Дүйнөлүк мелдешке жалпы 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Дастан Кадыров Бишкекте өтүп жаткан Бириккен күрөш уюмунун (UWW) рейтингдик турниринде коло байге утту.
© Фото / Департамент физической культуры и спортаМировой рейтинговый турнир по борьбе в Бишкеке
Мировой рейтинговый турнир по борьбе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк мелдеш Bishkek Arena спорт комплексинде өтүүдө.
Кадыров 63 килограмм салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган. Алгачкы кармашында өзбекстандык балбандан жеңилген. Ал эми чечүүчү беттеште кыргызстандык Баяман Каримовду жеңип, коло байгеге ээ болгон.
Мелдешке жалпы 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда. Арасында Олимпиаданын жана дүйнө чемпионатынын байге ээлери бар.
Полное видео схватки Акжола Махмудова и Романа Власова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттешинин толук видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0