Кыргызстандын паратриатлон боюнча командасы Азия чемпионатына катышат

© AP Photo / Felipe DanaПаратриатлеттер старт алууга даярданып жатышат. Архив
Паратриатлеттер старт алууга даярданып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Жазылуу
Мелдеш Самарканд шаарында өтөт.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандын паратриатлон боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышарын Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 7-11-июнь күндөрү Самарканд шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Жалалидин Абдувалиев;
Дастан Камчыбеков;
Гүлназ Жузаева;
Айтунук Жомарт кызы;
Артем Шамилов (коштоп жүрүүчү);
Алёна Пучкина (коштоп жүрүүчү);
Алина Маримьянина (коштоп жүрүүчү).
Кыргызстандын курама командасы башкы машыктыруучусу Андрей Хандаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышары айтылды.
Киберспорт федерациясынын вице-президенти Тариэл Болотбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Радио
Болотбеков: киберспортко кыздар көп кызыга баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0