Санэпид: Кыргызстанда жугуштуу оорулар, өзгөчө сифилис арбып жатат

© Фото / Pexels/ cottonbro studioКол кармашып турган түгөй. Архив
Кол кармашып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2023
Жазылуу
Быйылкы төрт айдагы статистика боюнча, жалпысынан өлкөдө жугуштуу ооруларга чалдыккандардын саны азаюуда.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда сифилис, ичеги-карын инфекциялары, курч жана өнөкөт вирустук гепатит, туберкулез, менингит, грипп, кызамык, кызылча жана көк жөтөл менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-апрель айларында жугуштуу мите ооруларынын 119 750 учуру катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,3 пайызга азайган.
"Жалпы катталган учурлардын 83,8 пайызын грипп жана КРВИ менен ооругандар түздү", — деп айтылат маалыматта.
Бирок өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу котур (21,7 пайызга ), паротит (30 пайызга), эхинококкоз (18,7 пайызга), бруцеллез (9,7 пайызга) жана COVID-19 менен ооругандардын саны азайганы айтылды. Ал эми ич келте (брюшной тиф), кара келте (паратиф), дифтерия, сенек (столбняк) жана кутурма илдеттери катталган эмес.
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Бишкекте Кореянын ыктыярчы дарыгерлери элди акысыз текшерет
Жаңылыктар түрмөгү
0