Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдраев: Кыргызстандын банк сектору Орто Азияда туруктуу

© Sputnik / Елена ЯковлеваКыргызстан банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев. Архив
Кыргызстан банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2023
Жазылуу
Кыргызстан банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев эл аралык серепчилер өлкөнүн каржы системасы үлгүлүү боло ала турганын белгилегендигин айтты.
Кыргызстандын банк сектору Орто Азияда туруктуу өнүгүп жатат. Дүйнөлүк экономикадагы олку-солку абалды эске алганда банк системасы жүргүзүлгөн туура саясаттын негизинде кармалып турат. Бул тууралуу Анвар Абдраев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдраев: Кыргызстандын банк сектору Орто Азияда туруктуу
Анын айтымында, финансы секторун санариптештирүүгө көңүл буруп, киберчабуулдардын алдын ала тургандай деңгээлге чыгуусу зарыл.
"Кыргызстандын финансы секторунун, системасынын, банк адистеринин орду жакшы деңгээлге көтөрүлүп калды. Жадагалса Орто Азияда өлкөнүн банк тармагы туруктуу өнүгүп жатканын айтууга болот. Албетте, биз алардын көп жакшы жактарын үйрөнүшүбүз керек. Дүйнөлүк экономикадагы олку-солку абалды эске алганда банк системасы жүргүзүлгөн туура саясаттын негизинде кармалып турат. Кыргызстанда калктын банктарга болгон ишеними жогорулап калды. Алсак, топтогон акчаларын банкта сактап, аны көбөйтүүгө умтулуп жатышат. Кыргызстандын экономикасы чакан болгондуктан акыркы тенденциялардан калбай зарыл чараларды убагында кабыл алуу керек", — деди Абдраев.
Ошондой эле адис инновациялык банктык операцияларды жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0