Бишкекке Улуу Британиянын ТИМ башчысынын орун басары келди. Сапардын максаты

© AFP / ODD ANDERSENУлуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти. Архив
Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2023
Жазылуу
Дипломаттын өкмөт башчы жана ТИМдин жетекчилиги менен жолугары пландалган.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары (Европа жана Борбор Азия үчүн жооптуу) Лео Докерти Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул туурасында аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Бул Улуу Британия министрлигинин 2016-жылдан тарта алгачкы сапары экени белгиленди. Максаты — эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жаатында кызматташууну кеңейтүү.
Министрдин орун басары Докерти Бишкекте министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугуп, эки тараптуу мамиле жана кызматташтык, аймактык коопсуздук, Афганстан жана соода алакалары тууралуу сүйлөшөрү айтылды.
Ошондой эле Улуу Британияга боло турган иш сапарлар боюнча талкуу болмокчу.
Бишкектен кийин Лео Докерти Казакстан менен Өзбекстанга барат.
Чолпон-Атадагы аэропортто Евробиримдиктин жана Кыргызстандын желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Кыргызстанга Европа кеңешинин президенти келди
Жаңылыктар түрмөгү
0