Эколог: Кыргызстанда уулуу заттардын колдонулушу көзөмөлдөнбөйт

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүӨтөө чөптөргө каршы зат чачуу. Архив
Өтөө чөптөргө каршы зат чачуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2023
Жазылуу
Адистин айтымында, тонналаган уулуу заттар кайда кетип жатканы белгисиз.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстанда зыянкечтер менен отоо чөптөргө каршы күрөшүү үчүн уулуу заттар активдүү колдонулат, бирок аны көзөмөлдөө жана башкаруучу так система жок. Бул туурасында "Көз карандысыз экологиялык экспертизалар" коомунун директору Олег Печенюк Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.
Эколог каттоого алынбаган кооптуу заттарды колдонуунун адамга тийгизген тассири тууралуу айтып берди.
"Биздин өлкөгө документтерге ылайык зыянкечтерди жана отоо чөптөрдү өлтүрүүчү ар түрдүү пестицид жана гербициддерди алып келишет. Бирок алып келинген уулардын санында жана аларды колдонууда чоң айырмачылык бар. Башкача айтканда, биз тонналаган уулуу заттар кайда кетип жатканын билбейбиз. Жаныбыздагы талаага эле же дарыяга чачып жибериши мүмкүн", — деди эколог.
Печнюктун айтымында, башка өлкөлөр колдонуудан баш тарткан коркунучтуу заттарды импорттоого тыюу салууда көйгөй жаралып жатат.
Жаратылыш ресусрстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин калдыктар менен иш жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Тилек Керимкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2023
Радио
Керимкулов: пластикти иштетүүдө кошуналар алдыга кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0