Кыргызстандагы жайкы лагерлердин баасы кандай болууда. Тизме, даректер

© Sputnik / Табылды КадырбековОйноп жаткан балдар. Архив
Ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2023
Жазылуу
Балдар үчүн жайкы лагерлер эс алууга гана эмес, өнүгүүгө да өбөлгө. Ал жактагы ар кыл сынак, спорттук оюндар жана тапшырмалар балдардын чыдамкайлыгын, ой жүгүртүүсүн өрчүтүп, жаңы жөндөмдөрүн да ачат.
Баарынан да лагерь балдарды өз алдынчалыкка, баары менен тил табышып кетүүгө тарбиялап, ал эми ыр, тамаша жана шайыр программаларды уюштурган топ жетекчилери балдарыңызды дегеле зериктиришпейт.
Кыргызстанда Бишкекте да, шаардын жака белинде да лагерлер бар. Көпчүлүк эс алуу жайлары Ысык-Көлдө жайгашкан. Биз сиздер үчүн лагерлердин даректерин топтоп, бааларын тактап, шарттарын сураштырдык.
Кыргызстандагы балдар лагерлеринин тизмеси:

Бишкектеги лагерлер:

"Флиппер" жайкы лагери
1 айга баасы — 12 000 сом;
Шарттары: 6 – 11 жаштагы балдар кабыл алынат. Үч маал тамагы менен;
Дареги: Матросов көчөсү, 51/2, Скрябин көчөсү менен кесилишет;
Телефон номери: 0555 155 533.
Smart school жайкы лагери
1 айлык баасы — 15 000 сом;
Шарттары: 6 – 13 жашка чейинки балдар кабыл алынат;
Дареги: Койбагаров көчөсү, 71;
Телефон номери: 0555 987 842, 0706 730 873, 0550 715 566.
"Светоч" жайкы лагери
10 күндүк баасы –– 6 500 сом;
Шарттары: 6 – 10 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Үч маал тамагы менен;
Дареги: 3-кичирайон, 29/2;
Телефон номери: 0558 909 020.
"Абитуриент" роболагери
10 күндүк баасы — 9 000 сом;
Шарттары: 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Үч маал тамагы менен;
Дареги: Исанов көчөсү, 4;
Телефон номери: 0551 404 142.
"Точка роста" жайкы лагери
10 күндүк баасы — 10 000 сом;
Шарттары: 7 – 12 жашка чейин кабыл алынат. Үч маал тамагы менен;
Дареги: Бейшен Эгимбаев көчөсү, 147;
Телефон номери: 0557 556 116.
"Звездочки" жайкы лагери
20 күндүк баасы –– 20 000 сом;
Шарттары: 6 – 16 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Үч маал тамагы менен;
Дареги: 5-кичирайон, 63/1;
Телефон номери: 0558 408 030, 0500 408 030.
"Зайка-Знайка" жайкы лагери
Бир айлык баасы – 8 000 сом;
Шарттары: 7 – 10 жаштагы балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Оренбург көчөсү, 17;
Телефон номери: 0558 800 810.
"Sunshine" жайкы лагери
Бир айлык баасы –– 17 000 сом;
Шарттары: 7 – 11 жаштагы балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: 7-кичирайон, 15/4;
Телефон номери: 0776 979 975, 0556 979 975, 0559 979 975,0312 979 975.

Бишкектин четиндеги жайкы лагерлер

"Билимкана" жайкы лагери
10 күндүк баасы — 15 000 сом;
Шарттары: 6 – 17 жаштагы балдар кабыл алынат. Беш убак тамак берилет;
Дареги: Чоң-Кемин району, Шабдан айылы, "Билимкана-Шабдан" мектеби;
Телефон номери: 0555 630 022.
Беш-Күнгөй айылындагы жайкы лагерь
Жети күндүк баасы –– 10 000 сом;
Шарттары: 7 – 16 жаштагы балдар кабыл алынат. Беш убак тамак берилет;
Дареги: Аламүдүн району, Беш-Күнгөй айылы;
Телефон номери: 0558 508 698.
"Строитель" балдар саламаттыгын чыңдоо комплекси
10 күндүк баасы –– 14 000 сом;
Шарттары: 7 – 16 жаштагы балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Сокулук району, Жал айылы;
Телефон номери: 0702 222 111.
Daina kids camp чатыр лагери
7 күндүк баасы –– 15 000 сом;
Шарттары: 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Аламүдүн району, Чуңкурчак капчыгайы;
Телефон номери: 0555 858 786.

Ысык-Көлдөгү жайкы лагерлер

Jetigen жайкы лагери
Эркек балдар үчүн ( 9-19-июнь):
10 күндүк баасы –– 14 500 сом;
Шарттары: 9-19-июнь аралыгында 12 жаштан 17 жашка чейинки эркек балдар кабыл алынат. Беш убак тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Бостери айылы.
Кыздар-балдар үчүн:
10 күндүк баасы –– 15 500 сомдон 19 000 сомго чейин (агымына жараша);
Шарттары: 9 жаштан 16 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Беш убак тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Бостери айылы;
Телефон номери: 0770 787 700, 0703 787 700, 0557 787 700.
Cambridge Schooll жайкы лагери
10 күндүк баасы — 10 500 – 14 000 сом (агымына жараша);
Шарттары: 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет, англис тили терең окутулат;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Бает айылы;
Телефон номери: 0553 552 298.
Hollywood Camp жайкы лагери
10 күндүк баасы — 15 000 сом;
Шарттары: 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Тору-Айгыр айылы;
Телефон номери: 0505 022 622, 0999 022 622.
American School жайкы лагери
10 күндүк баасы — 15 000 сомдон 16 000 сомго чейин;
Шарттары: 7 жаштан 18ге чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Тамчы айылы;
Телефон номери: 0500 908 459.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Ден соолук" жайкы лагери
12 күндүк акысы –– 10 000 сом;
Шарттары: 7 жаштан 14кө чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Бактуу-Долоноту айылы;
Телефон номери: 0701 831 283.
"Жалын" балдар үчүн ден соолук чыңдоо борбору
10 күндүк баасы — 9 000 сомдон 12 000 сомго чейин чыгат (агымына жараша);
Шарттары: 7 жаштан 18ге чейинки балдар кабыл алынат. Беш убак тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Сары-Ой айылы;
Телефон номери: 0550 560 540.
Oxford English School жайкы лагери
10 күндүк баасы – 11 000 сомдон 14 000 сомго чейин (агымына жараша);
Шарттары: 7 жаштан 18ге чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Корумду айылы;
Телефон номери: 0704 600 014, 0312 543 351.
"Орленок" жайкы лагери
10 күндүк баасы — 9 500 сом;
Шарттары: 7 жаштан 14кө чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Сары-Ой айылы;
Телефон номери: 0550 545 094, 0707 545 094.
"Дзержинец" жайкы лагери
10 күндүк баасы — 10 000 сом;
Шарттары: 7 жаштан 16 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Чок-Тал айылы;
Телефон номери: 0707 545 094, 0550 545 094.
Global Academy жайкы лагери
10 күндүк баасы –– 11 000 сомдон 13 500 сомго чейин (агымына жараша);
Шарттары: 7 жаштан 18ге чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Бостери айылы;
Телефон номери: 0550 211 853, 0700 098 997.
Topolëk camp IK жайкы лагери
10 күндүк баасы –– 10 000 сомдон 12 000 сомго чейин;
Шарттары: 8 жаштан 17 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Ак-Терек айылы;
Телефон номери: 0707 341 441, 0220 054 550.
"Валенсия" жайкы лагери
10 күндүк баасы –– 10 000 сомдон 12 000 сомго чейин (агымына жараша);
Шарттары: 8-14 жаштагы балдар кабыл алынат. Үч маал тамагы менен;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Тамчы айылы;
Телефон номери: 0557 511 721.
"Маяк" жайкы лагери
10 күндүк баасы –– 9 000 сомдон 10 000 сомго чейин (агымына жараша); Трансфер –– 700 сом;
Шарттары: 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Тору-Айгыр айылы;
Телефон номери: 0555 317 520.
"Ыйман" жайкы лагери
9 күнгө акысы –– 11 300 сом;
Шарттары: 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Булан-Сөгөттү айылы;
Телефон номери: 0702 618 518, 0552 618 518, 0777 618 518.
Kids camp жайкы лагери
10 күндүк баасы –– 17 000 сом;
Шарттары: 8-12 жаштагы балдар кабыл алынат. Беш убак тамак берилет;
Дареги: Ысык-Көл облусу, Тору-Айгыр айылы;
Телефон номери: 0555 746 317, 0558 151 882.
Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Гузель Турдубаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Радио
Бишкекте 5-июндан тарта жайкы мектеп лагерлери ачылат
Жаңылыктар түрмөгү
0