Кемелерге байланыштуу чатак: Кытайдын министри эскертүү берди

© AP Photo / LUCY PEMONIАКШнын USS Chung-Hoon кемеси. Архив
АКШнын USS Chung-Hoon кемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Жазылуу
Аткаминер Кытай тарап Америка Кошмо Штаттары менен тирешүүнү эмес, кепке келип, диалог курууну каалаарын белгилеген.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу Кытай менен АКШнын ортосундагы каршылашуу жалпы дүйнө жүзү үчүн "талкалай турган чатакка" айланарын билдирди.
Жыл сайын өтүүчү коопсуздук боюнча азиялык саммитте министрдин айткандарын Reuters агенттиги билдирди.
"Кытай менен АКШнын ортосундагы олуттуу каршылашуу дүйнө жүзү үчүн болуп көрбөгөн кырсыкка айланарын танууга болбойт", — деген Ли Шанфу.
Министр эки мамлекеттин ортосунда көп нерседен айырмачылыктар арбын болсо да, Кытай Америка Кошмо Штаттары менен тирешүүнү эмес, кепке келип, диалог курууну каалаарын белгилеген.
Буга чейин Тайвань кысыгында аскердик кемелердин чатагы болгон. Кытайдын деңиздеги аскердик күчтөрү катуу ылдамдык менен келип, америкалык эсминецке 137 метр жакындап, кооптуу маневр жасаган.
ЦРУнун башчысы Уильям Бернс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2023
ЖМКлар ЦРУнун башчысы май айында Кытайга жашыруун барганын жазды
Жаңылыктар түрмөгү
0