"Каракол" аэропортун куруп жаткандарды оор темир басып калып, эки киши көз жумду

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүКуруучу иш учурунда. Архив
Куруучу иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Жазылуу
Жабырлануучулардын туугандары президентке кайрылып, шалаакылык кылган жетекчилерди жоопко тартууну талап кылууда.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. "Каракол" аэропортун куруп жаткан жумушчуларды металл конструкциясы басып калып, эки киши каза болду, бирөө оор абалда жатат. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 5-июнда, саат 17:30дар чамасында болгон.
"Кырсыктын кесепетинен 45 жаштагы киши мүрт кеткен, 42 жаштагы жумушчу реанимациядан көз жумган. Учурда 53 жаштагы жумушчу облустук ооруканадагы реанимацияда оор абалда жатат. Азыркы тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүүдө", — деп билдиришти облустук милициядан.
Ал арада социалдык тармактарга маркумдардын жакындары курулуш жүрүп жаткан жерге келип, президентке кайрылып жооптуу адамдарды жазага тартууну талап кылып жаткан видео жарыяланды.
"Ушунун баары жетекчилердин шалаакылыгынан болду. Мындан ары дагы канча адам өлүп каларын ким билет. Калыстык жок, бирөө сурап келген жок. Эч нерсе болбогондой жумуш уланып жатат. Урматтуу президент, жети бала жетим, аялдары жесир калды. Бизге калыстык керек", — деп кайрылышты жабырлануучулар.
Белгилей кетсек, "Каракол" аэропортун жаңыдан куруу иштери өткөн жылдын май айында башталып, 2023-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалган. Курулушту президенттин иш башкармалыгы көзөмөлдөп жаткан.
Кыз ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Кадамжайда мугалим айдап бараткан Porter унаасындагы окуучулар кырсыктады
Жаңылыктар түрмөгү
0