Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Соронкулов: мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө расмий тил тоскоол болбойт

© Sputnik / Асел Акмат"Русский язык и литература в школах Кыргызстана" журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору, профессор Гүлжигит Соронкулов
Русский язык и литература в школах Кыргызстана журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору, профессор Гүлжигит Соронкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Жазылуу
"Русский язык и литература в школах Кыргызстана" журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору, профессор Гүлжигит Соронкулов орус тилинин орду Кыргызстанда жогору бааланарын айтты.
Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө расмий тил тоскоол болбойт. Кыргыз тилин ата-энелер балдарга үй-бүлөдө үйрөтүп, анын маанисин, ордун айтып бериши керек. Бул тууралуу Гүлжигит Соронкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Соронкулов: мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө расмий тил тоскоол болбойт
Анын айтымында, орус тили жана адабияты мугалими кесибине ээ болууну каалагандардын саны өстү.
"Ар бир улуттун эне тили биринчи орунда турушу керек. Биздин мыйзамда орус тили расмий макамга ээ. Анын Кыргызстанда орду жогору бааланат. Бирок кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн орус тилин алып салуу туура эмес. Бизде "канча тил билсең, ошончо дил билесиң" деген кеп бар. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө расмий тил тоскоол болбойт. Кыргыз тилин ата-энелер балдарга үй-бүлөдө үйрөтүп, анын маанисин, ордун айтып бериши керек. Эне тилди билип, калган тилдерди өздөштүрүү артыкчылык экенин түшүнүү зарыл", — деди Соронкулов.
Ошондой эле адис тилди өнүктүрүү үчүн балдарга көңүл буруп, мультфильмдерди тартууга басым жасоо керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 6-июнда дүйнөдө орус тилинин күнү белгиленет.
Жаңылыктар түрмөгү
0