Мите курту бар аялдын жээни шизофрения болуп төрөлүшү мүмкүн. Паразитологдун маеги

© AFP / LOIC VENANCEКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Жазылуу
Мите курт менен Кыргызстанда 14 жашка чейинки балдардын 70-75 пайызы жабыркайт. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик көзөмөл департаменти жылына 25 миң баладан мите курт оорусу аныкталарын билдирди. Мите курттар өзгөчө жүрөктү, өпкөнү жана мээни жабыркатат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин паразитологу Гүлнара Миңбаева болду.
© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин паразитологу Гүлнара Миңбаева
Врач-паразитолог отдела профилактики заболеваний ЦГСЭН Гульнара Минбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин паразитологу Гүлнара Миңбаева
— Адамда кандай мите курттар бар, алар адамдын организмине кандайча түшөт?
— Бизде митенин 27ден ашык түрү кездешет. Дүйнөдө 200дөн ашат. Булар да климатка ыңгайлашат. Кыргызстанда жылуу жана мелүүн аба ырайында жашаган түрү көп. Суугураак облустарга кирген Ысык-Көлдө, Нарында жаныбарлардын организминде болуп, андан адамга жуга турган мителер басымдуулук кылат. Алар боорду, өпкөнү жабырката турган альвеококкоз, эхинококкоздор. Аскарида курту бардык аймактарда кездешкени менен мал-жандуу Нарында көп. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын карасак, соргуч мителер менен кыдыгый тама курту арбын. Былтыркы жылдын эсебинен 25 миңден ашык бейтап катталган. Анын 75 пайызы — 14 жашка чейинки балдар. Ит-мышыктан баштап бодо малга чейин мите жугузат.
— Мите курттар менен күрөшүүнү үй жаныбарларга кам көрүүдөн баштоо керекпи?
— Негизи мите курттар үч топко бөлүнөт. Биринчиси — геогельминттер. Булар айлана-чөйрөдө өрчүйт. Ал эми биогельминтоздор жан-жаныбарлардын организминде болот. Үчүнчүсү байланыш аркылуу адамдан адамга жугат. Эң эле жөнөкөй аскариданы алсак, ооруган балдар дааратканага барбастан огороддун башына, сыртка отурган учурда жерге 50 миңден ашык курттун жумурткасын таштайт. Анан жаан жаап, огород сугарганда алар топуракка сиңет. Аны кармаган адам колун жуубай тамактанса же суу ичсе ага жугат. Жумурткадан майда-майда курттар жаралып, ал ичегибизди тешип кан айлануу системасына түшөт. Андан ал аркылуу боорго барат. Боордун клеткаларын жабыркатып, жүрөккө, андан өпкөгө жетет. Биздин организмде аба бир гана өпкөдө болот. Аскариданын кичинекей личинкасынан 40 сантиметрлик курт өсүп чыгышы үчүн сөзсүз аба керек. Ошол ичегини тешип чыккан 40-50 курт өпкөгө барып, түнкүсүн адамдын кекиртегине чейин сойлоп чыгат. Ал убакта уктап жаткан кишинин тамагы кычышып жөтөлөт, бирок эч ким түкүрбөйт, жутуп коёт. Ошону менен курт кайра ашказанга түшүп, ошол жерден ургаачысы 40 сантиметр, эркеги 20 сантиметрге чейин чоңоёт. Кээде жаңылыктардан "баш мээси курттап кетиптир, көзүнөн, кулагынан курт чыгыптыр" дегенди угуп каласыңар. Ушунун баары аскарида курту. Личинкасы канга түшкөндө кандын басымы менен башка же көзгө да кетип калат. Ошондуктан абайлаңыздар. Колду жууп жүрүүнү балдарга эреже катары үйрөтүү керек. Коронавирус пандемиясы маалында элдин 80 пайызы тазалыкты сактаганга мите курттардын жугушу азайган. Оорудан кийин элдин иммунитети да аябай түшүп кетти, тилекке каршы, мурункудай гигиенаны сактабай баратышат.
— Балдар арасында мите курттардын тез жугушунун себеби эмнеде?
— Балдарда мите курттардын клиникасы бат жүрөт. Өсүп жаткан организм витаминдүү азыктарды көбүрөөк талап кылат. Аларда зат алмашуу тез жүрүп, мите менен күрөшүү үчүн иммунитети алсыз. Экинчиден, биздин балдар өздүк гигиенаны сактабайт. Жер-жемишти да таза жууп жеш керек. Үйдө жемиш жууган өзүнчө губка болушу шарт. Анткени жөн эле сыртын чайкап коюу натыйжа бербейт. Анан биогильменттерге кирген альвеококкоз менен эхинококкоз рак менен эле бирдей. Боорду ыйлаакча басып кеткенде бир эмес, эки-үч жолу операция болуп, Индияга чейин барып боор алмаштырууга аргасыз болгондор көп. Чоңдор да буга бир аз туруштук берет. Бирок балдарга кыйын болуп калат. Ошол себептен алдын алууга басым жасайлы. Чүчөк курту да мектептен, бала бакчалардан көп жугат. Кичинекейлер жамбашын чукулап тырмап алып колун жуубай досуна карандашын берет же оюнчуктар менен бирге ойношот. Ошентип дароо эле 10-15 балага жугат. Ошол эле бассейнге же көлмөгө түшүп жаткан учурда да жуктуруп алышы ыктымал. Бирок борбордогу бассейндердин айрымдары атайын каражаттар менен тазаланып турат.
Баланын талмага кабылганын алгач ата-эне байкабайт. Эпилептологдун видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Баланын талмага кабылганын алгач ата-эне байкабайт. Эпилептологдун видеомаеги
— Мителердин клиникасы кандай жүрөт?
— Көпчүлүгү эки айдан алты айга чейинки убакытка чейин билинбейт. Аскарида, лямблия курттары бетке ак түстөгү тактарды пайда кылып, кыздарга безетки чыгышы мүмкүн. Үчүнчү көрсөткүчү — бала арыктап кетет, тамакты көп жей баштайт же табити жоголот. Ичинде курту бар баланын ичкен тамагынын баарын эле курттар жеп коюп, организмине витамин сиңбей калат. Бала тамак ичкени менен тойбойт. Ошол себептен өзүнүн курбалдаштарына салыштырмалуу арык, бою кичинекей болуп калат. Окууга да көңүлү келбейт. Лабораториялык анализден өтүп, заң тапшыруу кажет. Азыр 24 митеге комплекстүү бир текшерүү жүрөт.
— Мите курт ооруларынан арылбай жүрө берсек организм кандай абалга кептелип калат?
— Мите курттар 10-20 жылдап организмзде жашап жүрө бериши мүмкүн. Билинбегени менен абдан чоң зыян алып келет. Эгер аял кишиде мите курт болсо, анын кызында да болот жана кийин анын балдары шизофрения менен төрөлүп калышы ыктымал. Бул илимде тастыкталган. Анткени мите курттар организмде жүрө берип, нерв клеткаларын жабыркатат. Баткенде ушундай учур катталган. Мите курт менен жабыркаган бөбөктөр вирустук ооруга бат чалдыгат, ооруну да оор көтөрөт. Иммунитети түшүп, оңой менен көтөрүлбөйт. Аз кандуулукка чалдыкканда да мите курттарга анализ тапшырылат. Булардын азабынан чарчап калган да балдар бар. Кээде мээси курттап кеткен бейтаптарга операция жасаганга мүмкүн болбой калат. Мите курттардын кесепетинен адам улам кусуп, дене табы көтөрүлө берет. Буга маани бербей жүрө беребиз. Бактерияларга караганда көбүрөөк зыяндуу келишет. Анын тийгизген зыяндары организмде өмүр өткүчө калып калышы мүмкүн.
— Мителер рак оорусун да чакырат дешет?
— Негизи буга так тастыктоо жок. Бирок альвеококкоз, эхинококкоз оорулары онкологиялык оорулардай эле. Боордун жарымы жарабай, арыктап, боору чоңоюп кеткенде гана билинет. Кийин операция кылганда да мите кан тамырга жабышып алып чоңойгондуктан аны толук кесип ала алышпайт. Ошол себептен улам-улам өсүп чыгып, рак сыяктуу өрчүй берет. Андыктан итти, бодо малды жылына дарылап тургула. Чала бышкан эттен, бодо малдын этинен шишкебек жегенде да жугушу мүмкүн. Ошол эле учурда балыктын этинде да болот. Кургатылган балыктарды да сатып албай эле койгон туура. Алдын алууга аябай көңүл бурушубуз керек. Ар бир үй-бүлө бир жылда эки жолу дарыгердин кеңеши менен дары ичип койсо болот.
Кыз төшөктө жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2023
Дени сак адам жаман түш көрбөшү керек. Невролог Жамал Турганбаевдин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0