Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Шойгу Киев режими Каховка ГЭСин эмнеге жардырганын айтып берди

© Sputnik / пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын Коргоо министри Сергей Шойгу
Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Жазылуу
Россиянын коргоо министри ГЭСти жардыруу Киев режиминин террордук актысы экендигин айтты.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Киев режими аскерлерди Херсон багытынан өзүнүн чабуул аракеттери жүрүп жаткан аймакка өткөрүш үчүн Каховка ГЭСин жардырды. Бул туурасында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу айтканын РИА Новости жазды.
Министрдин айтымына караганда, Киев режими Каховка ГЭСиндеги курулуштарды жардырып, ал бир топ аймакты суу капташына алып келди.
"Биздин колдогу маалыматтарга караганда, төмөнкүдөй. Койгон чабуулунда ийгиликке жетпеген каршылаштар өз потенциалын чыңдоо үчүн Херсон багытынан чабуул койгон райондорго аскердик бөлүктөрү менен техникаларын алып келүү ниетинде. Муну менен аталган багытта өзүнүн потенциалын бир кыйла начарлатмакчы", — деди Шойгу.
Анын айтымына караганда, Украинанын аскердик бөлүктөрү Днепрдин оң жээгине коргонуу позицияларын сала баштады. Бул кадам алардын ошол жерден коргонууга өтүү ниетин билдирип турат. Ал ГЭСти жардырууну террордук акт деп атады.
"Фронттун бул тилкесинде Россиянын чабуул койгон аракеттерин болтурбаш үчүн Киев режими диверсия жасады. Аны террордук актылар менен ишке ашырды. Бул бир топ аймакты суу басып калышына алып келди. Анын кесепети оор болот жана экологиялык жактан узакка созулган зыянга учуратат", — деди Шойгу.
Коргоо министри Днепропетровск ГЭСинен сууну арбын көлөмдө агызуу улантылып жаткандыгын айтты.
Каховка ГЭСин жардыруунун айынат Херсон аймагын каптаган суу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ГЭС талкалангандан кийин Жаңы Каховканы суу каптап кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0