Парламент аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтүн узарткан мыйзам долбоорун кабыл алды

© Sputnik / Табылды КадырбековАскер кызматкерлери. Архив
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Жазылуу
Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш аскердик кызмат өтөөнү 12ден 14 айга жана аскердик келишимдин мөөнөтүн 5тен 10 жылга узартуу мыйзам долбоорун кабыл алды.
Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Аталган демилгени министрлер кабинети көтөргөн. Коргоо министрлиги муктаждык жаралган учурда аскерди 14 айга чейин алып калууга укук берүүнү сураган. https://sputnik.kg/20230315/askerdik-kyzmattyn-moonotun-uzartuu-1073604912.html Себебин биринчи чакырылыштагылар кетип, кийинкиси толукталып, даярдалганга чейин көп убакыт кетип калары менен байланыштырган.
Ал эми дефициттеги адистерди кармап туруу үчүн келишимдин мөөнөтүн узартуу сунушталган.
"Учурда аскердик окуу жайды бүтүп келгенден кийин беш жылга келишим түзүлөт. Андан кийин ыктыярдуу түрдө үч жылга улантса болот. Бизге керектүү адистер ошол келишимин узартпай туруп кетип калган учурлар болуп жатат. Ошого байланыштуу 10 жылга милдеттүү түрдө келишим түзүүнү сунуштап жатабыз. Жаш кадрлар бизде токтобой кетип калууда", — деп айткан коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов.
Курсанттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
500 сом стипендия алган Аскер институтунун курсанттары эми 4000-8500 сом алат
Жаңылыктар түрмөгү
0