Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамлекеттик баалуу кагазды мобилдик тиркеме менен сатып алууга шарт түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев. Архив
Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Жазылуу
Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев жарандардын баалуу кагаздар рыногундагы сабаттуулугун жогорулатуу иштерине көңүл буруларын айтты.
Мамлекеттик баалуу кагаздарды ар бир кыргызстандыктын онлайн форматта мобилдик тиркеме аркылуу сатып алуусуна шарт түзүлөт. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мамлекеттик баалуу кагазды мобилдик тиркеме менен сатып алууга шарт түзүлөт
Анын айтымында, фондулук биржада жөнөкөй жарандардын активдүүлүгүн көтөрүү, туура соода жүргүзүү максатында окутуулар өтөт.
"Ар бир адам фондулук биржага активдүү катышып, өз каражатын көбөйтүп, инвестор боло алат. Учурда өкмөт Кыргыз фондулук биржасынын соода аянты аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарып жатат. Мындан жылына 8-15 пайызга чейин киреше көрүп, ыңгайы келсе сатып жиберүүгө да болот. Мамлекеттик баалуу кагаздарды ар бир кыргызстандык онлайн форматта мобилдик тиркеме аркылуу сатып алууга шарт түзүлөт. Учурда бул платформалар даярдалып, күзгө жакын ишке кирет. Мындан тышкары, фондулук биржада жөнөкөй жарандардын активдүүлүгүн көтөрүү, туура соода жүргүзүү максатында окутуулар өтүп, финансылык сабатсыздыкты жоюуга аракет болот", — деди Назаралиев.
Ошондой эле адис Кыргыз фондулук биржасынын аянтында мамлекеттик ири компаниялар баалуу кагаздарды сатыкка чыгарып, активдүү катышып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0