Мясникович ЕАЭБдеги жаштарды колдоо үчүн бир нече сунуш берди

© Sputnik / Медиабанкка өтүүЕвразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович
Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Жазылуу
Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Сочидеги ЕАЭБ жана КМШнын II жаштар форумуна катышты.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБ мамлекеттериндеги жаштарга колдоо көрсөтүү үчүн бир катар сунуштарды берди. Ал Сочидеги ЕАЭБ жана КМШнын II жаштар форумунун ачылышында сөз сүйлөгөн.
"Евразиялык ишканалар ачылып жаткандай эле бирдиктүү жаштар ишканаларын, билим берүү жана илим борборлорун түзүү концепциясын иштеп чыгуу керек", — деди Мясникович.
Анын айтымында, Евразия экономикалык кеңешинде ЕАЭБ мамлекеттериндеги ишкер жаштарга бериле турчу жеңилдиктер тууралуу маалымат базасын түзүп, андан соң кабарды ЕЭК сайтына жарыялоо керек.
Мясникович ошондой эле инновациялык технологиялардын үстүндө иштеген жаштарга колдоо көрсөтүү боюнча евразиялык системанын концепциясын түзүүнү ойлонуштурууну сунуштады. Мындан тышкары, ал экономиканын реалдуу секторуна квалификациялуу даярдоо зарылдыгын белгиледи.
"Менин жеке пикиримде, министрликтер, ири ишканалар даярдоо программасын түзүп адистерди окутушу керек. Бул ыкманы биримдиктин бардык мамлекеттеринде колдонсо болот. Муну менен биздин өнөр жайдын кадрдык потенциалынын көтөрүлүшүн камсыздайбыз", — деди ЕЭК жетекчиси.
Ал ошондой эле жаш муунду ЕАЭБ мамлекеттеринин маданияты жана экономикасы менен тааныштыруу керектигин кошумчалады.
Рабочая поездка председателя Кабинета Министров КР Акылбека Жапарова в Сочи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Акылбек Жапаров ЕК менен КМШнын жыйынына катышуу үчүн Сочиге барды
Жаңылыктар түрмөгү
0