Доллар үстөмдүгүн ким жое алат? ЦРУнун мурдагы кызматкеринин жообу

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHЦРУ башчысынын мурдагы кеңешчиси Жеймс Рикардс. Архив
ЦРУ башчысынын мурдагы кеңешчиси Жеймс Рикардс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Жазылуу
БРИКС — Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирген эл аралык уюм.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Доллардын гегемониясына БРИКС өлкөлөрү өз валютасын киргизүү менен чекит коюшу мүмкүн. Бул тууралуу ЦРУ башчысынын мурдагы кеңешчиси Жеймс Рикардс The Daily Reckoning гезитине жазган макаласында айтты.

"Бул доллардын глобалдык ролун алсыратып, аны алдыңкы төлөм жана резервдик каражат катары сүрүп салышы ыктымал. БРИКС бардык жагынан Батыш гегемониясына олуттуу альтернатива болуп саналат. Вашингтондун санкцияларды ого эле көп колдонуусу башка өлкөлөрдү доллардан баш тартууга мажбурлайт. Бул АКШнын алсызданышына жана америкалык валютага болгон ишенимдин кыйрашына алып келет", — деди Рикардс.

Ал көптөгөн өлкөлөр Россияга каршы санкциялардын адилетсиз экенин жакшы түшүнөрүн белгилеген. Анын айтымында, бул маселе боюнча Ак үйгө каршы иш алып барса АКШнын кийинки душманы болуп калабыз деп кооптонушат.
Сөзүнүн соңунда Рикардс дүйнө БРИКСтин өнүгүшүнө кылдаттык менен көз салбай жатканын айтып, натыйжасында эл аралык валюта системасы чоң соккуга кабыларын кошумчалады.
Вашингтондогу АКШнын жана Украинанын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2023
Билинбей кирген дефолт. Украина доллар үчүн жооп береби?
Жаңылыктар түрмөгү
0