Сот Курсан Асановго каршы иш боюнча өкүм чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Жазылуу
Асанов буга чейин 2020-жылдагы октябрь окуяларындагы массалык башаламандык боюнча акталып, бирок бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү иши боюнча күнөө коюлган.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен анын жакындарына козголгон кылмыш иши боюнча өкүмүн чыгарды.
Биринчи иш 2020-жылы мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковдун билдирүүсүнөн кийин козголгон. Ал Асанов менен журналист Турсунбек Бейшенбеков аны оор жана өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлөп, жалган маалымат таратканын айткан. Мунун кесепетинен Разаков Тажикстандын агенти аталганын белгилеген.
Асанов кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат таратуу боюнча күнөөлүү деп табылды. Жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза каралган жок. Бейшенбеков (Асановдун өкүл баласы) дагы күнөөлүү деп табылып, бирок жазаланган эмес.
Асанов 2019-жылкы Кой-Таш окуясы боюнча акталды. Ал ошол учурда ИИМ жетекчисинин орун басары болчу. Бул иш боюнча Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу менен баласы Мухаммед-Али Асанов дагы акталды.
Эске салсак, Асанов буга чейин 2020-жылдагы октябрь окуяларындагы массалык башаламандык боюнча акталып, бирок бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү иши боюнча күнөө коюлган.
Ал "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.
Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда далил болчу буюмдарды жана маанилүү документтерди тергөө органдарынан жаап-жашырган деп айыпталган. Мындан сырткары, министрге баш ийбей, өз алдынча чечим кабыл алган, атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындаган деген күнөө коюлган.
Башкы прокуратура 2019-жылдын август айынын соңунда видео жарыялаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, маанилүү далил материалдарын Атамбаевдин үйүнөн Асановдун улуу баласы чыгарып кетип жансакчысы аркылуу өзүнүн бир тууганы Мухаммед-Алиге берип жиберген. Кийинчерээк Аскер прокуратурасы Асановдун уулу өлкөдөн качып кеткенин кабарлаган.
Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын прокурору Назарбек Кенжеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Чет өлкөдө соттолгон 38 кыргызстандык кайтарылат. Прокурор экстрадиция тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0