Бишкекте тогуз өлкөнүн дзюдочулары күч сынашат

Дзюдочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Жазылуу
Азия кубогунун жеңүүчүлөрү 2024-жылы Парижде өтө турган XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарындагы лицензиялык беттештерге упай топтошот.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. 10-11-июнь күндөрү Бишкек шаарында дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында "Эр Жанек" ачык Азия кубогу өтөт. Дене тарбия жана спорт департаменти мелдешке тогуз өлкөдөн (Беларусь, Казакстан, Литва, Непал, Түркмөнстан, АКШ, Өзбекстан жана Кыргызстан) 200дөн ашык спортчу катышарын маалымдады.
Кыргызстандан 62 спортчу жети салмак категориясында беттешке чыгат. Кыз-келиндер курама командасында 48 килограммдан баштап 78 килограммдан жогорку салмактагы 25 спортчу бар.
Департаменттен белгилешкендей, Азия кубогунун жеңүүчүлөрү 2024-жылы Парижде өтө турган XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына лицензиялык беттештерге упай топтошот. Беттешке кирүү акысыз.
Түнкү жарыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Бишкекте KFC Night Run деп аталган түнкү жарыш өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0