Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Ланцет-3" Украинадагы чет элдик зениттик-ракеталык комплексти талкалады

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүү"Ланцет-3" камикадзе-дрону. Архив
Ланцет-3 камикадзе-дрону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Жазылуу
Видеодон пилотсуз аппарат алгач асмандан бутаны бир нече ирет мелжегенин көрүүгө болот.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Россиялык аскерлер Украинадагы атайын операция алкагында Киев режиминин чет элдик өндүрүштөн чыккан зениттик-ракеталык IRIS-T SLM комплексин жок кылды. Анын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Тelegram-каналы жарыялады
"Ланцет-3" камикадзе-дрону Украинанын Куралдуу күчтөрүнө НАТО берген IRIS-T SLM комплексин жок кылды", — деп айтылган маалыматта.
Видеодон пилотсуз аппарат алгач асмандан бутаны бир нече ирет кайрып мелжеп, андан соң талкалаганын көрүүгө болот.
Саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүргөн 12 килограммдык "Ланцет-3" үч килограмм пайдалуу жүк көтөрүп жүрүүгө жөндөмдүү. Ал эми пилотсуз учкан "Ланцет" беш килограммга жакын, 60 мүнөткө чейин учуп жүрө алат. Сокку уруу үчүн кумулятивдик ок-дары пайдаланылып келет. "Ланцет" атылганда бутага тиер алдында жарылып, толкуну анын басымдуу бөлүгүн каптап калат. Модернизацияланган "Ланцеттин" канаты, куйругу Х сындуу келип, аэродинамикасы абдан күчтүү.
Солнцепёк оор огнемёттук тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Солнцепёктун" аткан жана мээлеген жерге тийген видеосу жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0