Бишкектин борборундагы ири өрт дагы деле өчө элек. Асмандан тартылган видео

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектин борбордук бөлүгүндөгү ири өрт
Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү ири өрт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Жазылуу
Өрт түндө чыгып, аны өчүрүүгө 10 бригада келген. ӨКМ буга чейин газ баллондорду аялдабай өз убагында алып чыккандыктан, ири жарылуунун алдын алышканын айтып беришкен.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү ири өрт чектөөгө алынганы менен дагы деле толук өчө элек, кампалар түтөп жатат.
Эске салсак, Октябрь районуна караштуу Матросов көчөсү 1А ("Сырбаза") дарегинде жайгашкан кампалардан өрт чыгып, саат 01:39дан тарта тилсиз жоо менен күрөш башталган.
ӨКМдин берген алдын ала маалыматы боюнча, өрт адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес.
ӨКМ Бишкек шаардык куткаруу кызматынын адистери кычкылтектин 22 баллону, пропан толтурулган беш баллон тез арада чыгарылып кетип, ири жарылуунун алдын алышкандыгын билдирген.
Министрликтен ишкерлерге канча зыян келгени азырынча белгисиз экенин айтышты.
Сузакта чайхана өрттөнүп, эки киши каза болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Сузакта чайхана өрттөнүп, эки киши каза болду. Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0