Эртеңден баштап өлкөнүн түндүк региондорунда күндүн табы кайтат

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОтургучта отурган кыздар. Архив
Отургучта отурган кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Жазылуу
Абанын температурасы 4-5 градуска төмөндөп, тоолуу райондордо өткүн өтөт.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстандын түндүк региондорунда эртеңден баштап аптаптуу ысыктын табы кайтат. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, 10-июндан тарта абанын температурасы 4-5 градуска төмөндөп, тоолуу райондордо өткүн өтөт. Мисалы, бүгүн Бишкек шаарында күн 40 градуска чейин ысыса, эртең 36, бүрсүгүнү 33 градуска чейин түшөт. Бирок 15-июндан тарта күндүн табы кайра 36 градуска жетери күтүлүүдө.
Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында жакынкы аралыкта күндүн табы кайтпай, 38-40 градустун чегинде болору айтылды.
Көчөдө турган костюмчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Эркектер галстук тагынбай эле койгону оң. Катуу ысыкта эске алчу эрежелер
Жаңылыктар түрмөгү
0