Россиялык "Миссия Добро" Кыргызстанда уланууда. Каалагандар кайрылса болот

© Фото / Pexels/ SHVETS productionМайыптыгы бар бала. Архив
Майыптыгы бар бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Жазылуу
Россиялык адистер неврологиялык илдетке чалдыккан балдарды кабыл алып көрүшөт. Дарыгерге кайрылууну каалаган ата-энелердин +996 508 304 377 телефон номерине чалуу мүмкүнчүлүгү бар.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. 16-21-июнда Бишкек шаарында Россиядан келген жогорку квалификациялуу дарыгерлер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан ата-энелерге бекер консультация берет. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди.
Бишкекке Марфа-Мариянын "Милосердие" деп аталган медициналык борборунун өкүлдөрү келет.
Алар:
Коваленок Оксана Владимировна — башкы дарыгер, педиатр, паллиативдик жардам боюнча адис;
Горлов Андрей Александрович — невролог, ЛФК жана реабилитация багытындагы жетекчи.
Бул жакка 16 жашка чейинки ДЦП жана неврологиялык илдети бар балдардын ата-энеси кайрыла алат.
Консультация алуу үчүн алдын ала жазылуу зарыл. Өздөрү менен кошо дарыгердин акыркы жылдары жазып берген бүтүмдөрүн, дарылоо боюнча документтерди ала келүү зарыл. Жазылуу боюнча телефон номер: +996 508 304 377. Кайрылуу убактысы: 10:00дөн 17:00гө чейин.
Учурда "Миссия Добро" Ош аймагында жүрүүдө, тагыраагы, 29-майдан тарта 12-июнга чейин, белгиленген тартипте иш алып барып жатат.
"Миссия Добро" — Россотрудничество, Ыктыярчылар борборунун ассоциациясы жана өнөктөштөр 2021-жылдан бери ишке ашырып келе жаткан чет өлкөдө волонтёрдук жардам көрсөтүү боюнча кыска мөөнөттүү сапарлар. Бул долбоор Кыргызстанда экинчи ирет ишке ашырылып жатат. Биринчи жолу адистер былтыр күздө келишкен. Бишкекте долбоор "Келечек" реабилитациялык борбордун базасында "Аплифт" коомдук фондунун кызматташтыгынын аркасында ишке ашууда.
Онколог, специалист по паллиативной помощи Салтанат Мамбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Радио
Мамбетова: паллиативдик жардам — адамдын оорудан азап чегишин алдын алуу
Жаңылыктар түрмөгү
0