Футбол: Бишкектин эки көчөсү убактылуу жабылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖолду жабуу. Архивдик сүрөт
Жолду жабуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Жазылуу
Кыргызстан менен Афганстандын футбол командаларынын беттеши бүткөн соң көчөлөр ачылат.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бүгүн, 10-июнда, Кыргызстан менен Афганстандын футбол командаларынын беттешине байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр саат 16:00дөн тарта убактылуу жабылды. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Оюн саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Ага байланыштуу төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылды:
Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдодон Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Жолдор оюн бүткөн соң саат 23:00дөн кийин ачылат.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Садыр Жапаров Бишкекте өтө турган CAFA Cup турниринин алгачкы беттешине барат
Жаңылыктар түрмөгү
0