CAFA: Кыргызстандын курама командасы 1:0 менен жеңди. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол командасы. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын футбол командасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 10-июн. – Sputnik. Кыргызстандын футбол командасы афганстандык каршылаштарын 1:0 эсеби менен жеңди.
Оюндун соңку мүнөттөрүндө чабуулчу Эрнис Батырканов афгандыктардын дарбазасына гол киргизди. Ошол учурда кызык окуя болду. Гол киргенден кийин афган оюнчулары финалдык ышкырыкты күтпөстөн талааны таштап чыгып кетишти (аларды машыктыруучусу алып кетти).
Алар муну менен өзбекстандык жана түркмөнстандык судьяларга каршылык көрсөткөндөй болушту. Афган тараптын ою боюнча, гол эрежелерди бузуу менен киргизилген. Бирок кайталап көрүүдө андай эмес экенине ынанууга болот.
Судьялар афган оюнчуларынын талаага кайтып келишин 10 мүнөттөй күтүштү. Бирок алар келбей койгонуна байланыштуу Борбор Азия футбол федерациясы жазалашы ыктымал.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Садыр Жапаров Бишкекте өтө турган CAFA Cup турниринин алгачкы беттешине барат
Жаңылыктар түрмөгү
0