Россия бензиндин экспортун азайтып жатканы расмий тастыкталды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМай куючу жай. Архивдик сүрөт
Май куючу жай. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Жазылуу
Күйүүчү майдын биржадагы баасы өсүп жатканын рыноктук кырдаал катары түшүнүүгө болот.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Россия бензиндин экспортун азайтып, ички рынокко көбүрөөк чыгарып жатат. Бул туурасында маалыматты РФтин Энергетика министрлиги тастыктаганын РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Аи-95 үлгүсүндөгү бензиндин биржадагы баасы өсүп жатканын рыноктук кырдаал катары түшүнүүгө болот. Анткени суроо-талап жогорулады.
Буга чейин "Коммерсант" гезити июндун алгачкы алты күнүндө майдын аягына салыштырмалуу бензиндин экспорту төрт эсеге, ал эми 2022-жылдын июнуна караганда эки эсе азайганын жазган.
"Ички рынок суроо-талаптагы бензин менен толук камсыздалган. Энергетика министрлиги кырдаалды көзөмөлдөп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Аи-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы майдын орто ченинен тарта тынымсыз өсүп, бир нече ирет рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Жума күнкү сооданын жыйынтыгында бир тоннасынын наркы 64 498 рублди түздү.
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Нефтетрейдерлер ассоциациясы: жакынкы күндөрү бензин 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0