Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Маджинов: спорт өнүгүшү үчүн көп функционалдуу спорт комплекси керек

© Sputnik / Асылбек БактыбековЭркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Жазылуу
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов спорттук мектептердин шартына көңүл бурулса жакшы жетишкендиктерди алып келген спортчулар чыгарын айтты.
Кыргызстанда спорт өнүгүшү үчүн көп функционалдуу спорт комплекстерди куруп, алардын санын көбөйтүү керек. Тилекке каршы, учурда бизде эл аралык стандарттагы андай имарат жок. Бул тууралуу Руслан Маджинов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Маджинов: спорт өнүгүшү үчүн көп функционалдуу спорт комплекси керек
"Кыргыз спортчулары күрөш боюнча эл аралык мелдештерде абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Анын артында абдан чоң мээнет, эмгек бар. Биз Олимпиада оюндарында байгелүү орундарды көбүрөөк утканга аракет кылабыз. Буга чейинки мелдештерди эске алганда көрсөткүчтөр жакшы болот деген үмүтүбүз чоң. Бүгүнкү күндө башка өлкөнүн курама командалары Кыргызстанга келип, тажрыйба алмашуу, машыгуу иштерине катышуу дилгирлиги бар. Бирок Кыргызстанда спорт өнүгүшү үчүн көп функционалдуу спорт комплекстерди куруп, алардын санын көбөйтүү керек. Тилекке каршы, учурда бизде эл аралык стандарттарды камтыган андай имарат жок. Спорттук мектептердин шарты, абалы бардык жерде бирдей эмес. Өзүбүздө шарт болсо чет өлкөгө чыкпай эле даярдыктар көрүлмөк. Аны менен бирге кошумча акча, убакыт коробойт эле. Жадагалса киреше табуу мүмкүнчүлүгү да ачылмак", — деди Маджинов.
Ошондой эле адис Кыргызстанда күрөш боюнча эл аралык ири турнирлердин өтүшү кыргыз балбандарынын мартабасынын жогорулаганынан кабар берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0