Улуттук банк кыргызстандыктарга акча топтоонун 8 эрежесин сунуштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча. Иллюстративдик сүрөт
Акча. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Жазылуу
Өткөн жылдын соңуна салыштырганда эмгек акылар 4 322 сомго көбөйгөн.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Улуттук банк кыргызстандыктарга акча топтоонун жолдору тууралуу кеңештерди сунуштады.
Маалыматка ылайык, чогулткан акча материалдык (накталай акча, мал, баалуу металлдар) жана материалдык эмес (банк эсептериндеги акчалар жана башка) формада болушу мүмкүн.
Каражатты 20дан 50 жашка чейин топтоо керектиги айтылат, себеби бул мезгил аралыгында адамдын акча табуу боюнча тажрыйбасы, билими жана ал-күчү көбүрөөк болуп, тапканын бөлүп топтоо мүмкүнчүлүгү да кенен болот.
"Топтогон каражатты максатсыз пайдалануудан жана инфляциядан коргоо үчүн жөн гана "төшөктүн алдына" катып койбостон, кошумча киреше алып келе тургандай иштетүү зарыл. Максаттарыңызга жараша инвестициялоо инструментин тандаңыз, ал канчалык көп киреше алып келгенине жараша ошончолук тез ишке ашыра аласыз. Бирок киреше өскөнү менен тобокелдиктер да четте карап турбайт. Ошону да эске алуу шарт", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банктын сунушу боюнча акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси:

Алгач максаттарды туура аныктап алуу зарыл

"Ашкананы ремонттоп алсак жакшы болор эле" деген — бул максат эмес, болгону убакытты алган үмүт-тилек. Алдыга так, акча менен өлчөнүп, аткаруу мөөнөтү белгилене турган конкреттүү максаттарды аныктоо зарыл. "Бул жылдын 1-декабрына чейин 37 миң сомго ашкана бөлмөсүн ремонттоп алышыбыз керек" дегенди максат деп айтсак болот. Жашооңуздун ар бир мезгилине ылайык бирден максат койсоңуз болот (кыска, орто, узак мөөнөттүү). Негизгиси, алар реалдуу максат болушу керек.
Мына азыр ушул саптарды окуп жатып колго кагаз, калем сап алып, максаттарды тизмектеп жазыңыз. Ошентип кыялыңызга жетүүнүн алгачкы кадамын жасаган болосуз!

Чыгашаларды көзөмөлгө алуу зарыл

Эгерде канча каражат сарптаганыңызды билбесеңиз, кеткен акчаны (финансыны) каттоого алып, эсебин жүргүзүү керек. Буга анчалык көп деле убакыт кетпейт. Бардык чыгашаларды өзүнчө дептерге же Excel программасында каттаңыз. Алгач бул керексиз жадатма иш сыяктуу сезилет. Бирок ушундай жол менен гана канча акча эмнеге жумшалганын так билип, эмне үчүн дайыма эле акча жетпей жатканын түшүнөсүз.

Бюджетиңизди пландаштырыңыз

Кайсыл максатка канча акча кетерин аныктап алган соң үй-бүлөлүк бюджеттин кийинки бир маанилүү кадамы болгон – пландаштырууга өтүү зарыл. Бул — алдыга койгон максаттардын аткарылышына өбөлгө түзгөн тактика.
Пландаштыруу ойдо жок жерден эле зарыл эмес сатып алуулардан баш тартууга жана акчаны терең ойлонуп сарптоого түрткү берет.

Ар бир максатка өз-өзүнчө акча топтоо зарыл

Ар бир үй-бүлөдө акча салып туруу үчүн капчык (копилка) болууга тийиш. Ай сайын 1000 сомдон салганда деле жыл соңунда 12 миң сом топтолуп калат. Бул көп эмес, бирок кошумча карыз алуудан куткарат. Эгерде сиз кандайдыр бир конкреттүү максаттар үчүн топтоп жатсаңыз, ар бирине өз-өзүнчө салган жакшы.
Акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Кыргызстанда орточо маяна 31 миң сомго чукулдады

Ар кандай турмуштук жагдайлар үчүн акча топтоо – милдеттүү шарт

Үй бүлө менен жылуу өлкөлөргө барып эс алуу же ири сатып алуулар жөнүндө дагы унутпаңыз. Айрым учурда тиричиликке байланыштуу каражат топтоо мүмкүн эместей сезилет. Бирок андай эмес. Ар бир үй-бүлө түшкөн кирешеден жок дегенде 10 пайыздан үнөмдөсө болот.

Жеке керектөөлөр үчүн каражат караштырып, акча топтоого жетишүү зарыл

Жалпы бюджет – бул эң жакшы, алгылыктуу ыкма. Бирок анда эске алынбаган жагдайлар да бар. Мисалы, күтүүсүз сюрприз жасоо же арзандатуу учурунда жагып калган буюмду сатып ала албайсың. Бардыгыбыз адамбыз, биз каалаган нерсени алгыбыз келет. Ал эми топтогон жалпы акчадан анчалык зарыл болбогон нерселерди сатып алууга чыгымдоо үй-бүлөдө түшүнбөстүккө алып келиши ыктымал.

Майрамдык белектерге чыгашаларды алдын ала пландаштыруу зарыл

Ооба, буларды да сөзсүз эске алуу зарыл. Кандай майрамдар бар, кимдерге белек тартуулоо керектиги бардыгыбызга маалым. Ошондуктан үй-бүлөдө планга кирбеген чыгашалар тууралуу алдын ала макулдашып алган жакшы. Туугандардын тоюна кошумча, белек, ар кандай салтанаттуу иш-чараларга канча каражат керектелерин эске алуу керек. Ар бир тыйынды санагандын кажети жок, бирок бюджетиңиздин чегинде караштырганыңыз оң.

Эч качан карыз албагыла

Бул ар бирибиз үчүн көйгөйлүү маселе болушу керек. Үй-бүлө бюджетин түзүү тажрыйбасы жок, акча жетишпей, кысталыш учурда карыз суроого мажбур болобуз. Ошондой болсо да керексиз же орунсуз чыгашаларды мүмкүн болушунча кыскартып, карыз албай жашоого аракет кылууга болот.
Айыл банктын сатуу бөлүмүнүн башчысы Максат Акаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2023
Радио
Депозит деген эмне жана ал эмне үчүн керек?
Жаңылыктар түрмөгү
0