Абдыкалык Чоробаев — өмүр баяны

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРАбдыкалык Чоробаев (сол жактан биринчи). Архив
Абдыкалык Чоробаев (сол жактан биринчи). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Жазылуу
Кыргыз элинин улуу муундагы акындарынын ири өкүлү Абдыкалык Чоробаев 1896-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган.
Ал 1914-жылы Анжиян шаарындагы диний медреседе окуган. Араб, чагатай, түрк тилдерин мыкты өздөштүргөн. 1920-жылы Ташкенттеги мугалимдердин алты айлык даярдоо курсун бүтүп келип, 1925-жылга чейин башталгыч мектептерде мугалим болуп эмгектенген.
1940-1942-жылдары айтылуу жазма акын Тоголок Молдонун катчысы болуп дайындалып, андан үч жылдай таалим алган. 1942-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил, адабият, тарых институтунда иштеген.
1940-жылдан баштап республикалык, райондук гезит-журналдарга ырлары чыга баштаган.
Акындын балдарга арналган "Мышык баяны" китеби, "Жаңыл Мырза", "Тайлак баатыр", "Алп Тобок", "Жети эрдин өлүмү" сыяктуу дастандары, "Токсон суроо" аттуу философиялык-диалогдук чыгармасы жарык көргөн.
Абдыкалык Чоробаев устаты Тоголок Молдо менен бирге элдик фольклорду жыйноого да салым кошкон. Ошондой эле 1922-1923-жылдары белгилүү жыйноочу, фольклорист Каюм Мифтаков менен биргеликте кыргыздын элдик оозеки чыгармаларын жыйноого катышып, калк арасынан чыккан белгилүү акындардын, жамакчылардын кол жазмаларын изилдеп жазып, эмгектерин алтын фондуга тапшырган.
Абдыкалык Чоробаевге Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер наамы берилген. Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн медалынын ээси болгон.
Көрүнүктүү фольклорист жана акын 1979-жылы 83 жашында дүйнөдөн өткөн.
Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Молдогазы Токобаев – өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0