Окуучулары университетке сынаксыз өткөн Осмонсадык агай. Кызынын эскерүүсү

© Фото / предоставлено Кларой КалчаевойБелгилүү физик Осмонсадык Калчаев. Архив
Белгилүү физик Осмонсадык Калчаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Жазылуу
Арабызда айылда эле жашап агартуу тармагына Дүйшөндөй зор салым кошкон эл мугалимдери бар. Алардын бири — Ат-Башыдан чыккан физик Осмонсадык Калчаев. Ал балдарга билим берүү менен катар бир топ илимий ачылыштарды да жасаган.
Биз Кыргыз ССРинин, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, Эмгек Кызыл Туу орденинин, Надежда Крупская атындагы сыйлыктын ээси, белгилүү физик Осмонсадык Калчаевдин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылдык. Ал үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто залкар инсандын кызы Клара Калчаева болду.
— Атаңыздын балалыгынан кеп баштасак...
— Атамдын балалыгы Ат-Башынын Ак-Муз айылында өткөн. Өз атасы Акмат колхоз уюшулганда айыл өкмөт болуп иштептир. Энеси айылда медайым эле. Бала кези согуш жылдарына туш болуп, машак терген экен. Чоң атабыз эрте каза болуп калгандыктан атабызды жездеси Калча чоңойтот, эжесинин согончогу канабаптыр. Калча атабыз абдан жакшы адам экен. Өзү малчы болсо да атабызды көп нерсеге жетиштирген ошол киши. 1970-жылдардан кийин каза болду. Атам мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги педагогикалык окуу жайга келип тапшырып, физика-математика адистигин алып чыккан. Ал кезде окууну бүткөн студенттерди аймактарга ишке жибергендиктен атам алгач Өзгөндөгү кыз-келиндер жатак-мектебинде иштеген. Апам экөө ошол жерде табышып, мен Өзгөндө төрөлгөм. Энем да биология мугалими. Кийин Нарынга, андан Ат-Башыга которулуп, өмүрүн агартуу системасына арнады. Атам көбүнчө шахматка кызыкчу. Кесиби математик–физик болгону менен физиканы абдан жакшы көрчү. Атам сабак бүткөндөн кийин да мектепте калып, көп макалаларды жазып, түнкү 23:00гө чейин эмгектенчү. Кийин Ак-Музда иштеп жүргөндө Новосибирскиге барып Илимдер академиясынын аспирантурасына тапшырды. Барып-келип окуп жүрүп, диссертациясын жактаарда мотоциклден жыгылып, жамбашын сындырып жатып калат. Эки жыл балдак менен жүрүп, ошону менен кайра кайрылып бара албай калды. Эмгектенгенди аябай жакшы көрчү. Кийин оң колу көп кыймылдабай калганына карабай үйдө камчы өрүп, кол өнөрчүлүк да кылып жүрдү. Колун токко кактап, укалап жүрүп калыбына келтирип алган. Бош отуруп эргүү келип калганда комузун кылдыратып чертип калчу. Москвага барып келгенде толтура сумка менен келет, биз балабыз да, тегеректеп үмүттөнүп карасак, баары эле китеп. Анан апам тамашалап “кайда барсаң эле китеп ташып жүрөсүң” десе, “адамдын байлыгы китеп экенин элес алсаңар” деп койчу. Үйдүн бир бөлмөсүн кабинет кылып, анын үч капталында тең китептер тирелип турчу. Анын бурчуна стол коюп алып, колу бошой калганда техникаларды оңдочу. Дайыма “Радиотехника”, “Илим жана радио” өңдүү журналдарды окучу. Илимий макалаларды жазчу, кийин китеби да чыкты. Башында буларга көп маани бербептирмин. Анын үстүнө атам каза болордон мурда жолдошум өтүп кетип, жети бала менен үйдө отуруп калдым.
© Sputnik / Асель СыдыковаЗалкар инсандын кызы Клара Калчаева
Дочь известного физика Ормонсадыка Калчаева Клара Калчаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Залкар инсандын кызы Клара Калчаева
— Балдарына да жогорку билим бердиби?
— Мектепте атамдын жолун аркалап математика мугалими болуп эмгектендим. Алгач Ак-Муз орто мектебинде бир жылдай иштеп, андан соң Кызыл-Аскердеги мектепте сабак берип калдым. Атам да директор болуп иштеди. Жаңы бүткөн мектеп болгондуктан кышында Ат-Башынын суугунда батареялар жарылып кыйналчубуз. Мектептин жылуулугун сактап калуу үчүн мугалимдер түндө паяльник кармап түтүктөрдү жылытышчу. Ушундай чоң эмгектерди жасаган. Атамдын жолун жолдоп мугалим болгон мен эле болдум. Бир уулу азыр районодо бухгалтер болуп иштейт. Бир кызы юрист, экинчиси механизация боюнча билим алган. Бир ирет Москвадан “кыздар үйрөнүп алса жакшы, балам” деп түймө түйүү боюнча китеп алып келип берген. Аны азыркыга чейин сактап жүрөм. Апам өзү андайга жок болчу. Атам дайыма кагаз менен кызмат кылгандыктан апабыз үйдүн да, сырттын да жумушун жалгыз жасады. Үйгө конок көп келер эле. Ал кезде бир жылда эки жылкы сойчубуз. Борбордон, министрликтен баргандардын баары биздин үйдө мейман болчу.
— Мүнөзү кандай эле?
— Атамдын балага эмес, апама катуу айтканын укканым жок. Өмүр бою бир сөгүнүп же жаман сүйлөбөдү. Эң катуу айтканда “айбансың, адам эмессиң” деп койчу. Чоң энемдерге да "Манас" окуп берип, баары ыйлап угушчу. Атамдын арты менен китепти көп окудук.
— Апаңыз тууралуу айтсаңыз?
— Апама да баа берем. Кандай мейман болбосун, күнбү-түнбү, кабагым-кашым дебей тамагын жасап, колунда болгон оокаты менен узатчу. Кээде “ай, үйгө конок чакырбаган күнүң болобу?” десе, атам “кой, байбиче, үйдө бар оокатты бардай пайдалануу керек. “Жок” деген болбойт. Канча бут кирсе, ошончо кут кирет. Сен бар — ырысым бар” деп койчу. Апам өзү жетим өсүптүр. Кичинебизде кээде апам бизди урушканда “ата, башка эле аял албайсызбы” десек, “балам, апаң жетимчиликтин каарын көп көргөн, сыйлаш керек” дечү. Менден кийин бала токтобой, кийинки бир туугандарымды багып алышты.
© Фото / предоставлено Кларой КалчаевойКыргыз ССРинин, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, Эмгек Кызыл Туу орденинин, Надежда Крупская атындагы сыйлыктын ээси, белгилүү физик Осмонсадык Калчаев
Известный физик Осмонсадык Калчаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Кыргыз ССРинин, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, Эмгек Кызыл Туу орденинин, Надежда Крупская атындагы сыйлыктын ээси, белгилүү физик Осмонсадык Калчаев
— Жогорудагы сыйлыктарды да жөн албаса керек?
— Атам өзү новатор адам эле. Эми чыгып жаткан пульт менен пардаларды жылдырууну ошондо эле ойлоп тапкан. Радиолокацияларды ошондо эле иштетчү. 1979-жылдары айылга жаңы компьютер алып келип, балдарга алгоритмди үйрөтүп, айылга компьютер деген түшүнүктү киргизген. Кийин “корвет” деген компьютерлер келди. Атамдын арты менен мектепте ЭЭМден сабак берип калдым. Азыр компьютерде жакшы иштейм. Ал кезде калькулятор да жаңы чыгып, аны да үйрөттү. Россияга барганда үйрөнүп, өзү да баарын жазып, эрикпей программа түзүп келчү.
— Мындай адамдар сөзсүз алдына максат коюп умтулуп жашайт эмеспи.
— Көп максаттары бар эле. Идеяга бай киши болчу. Россиянын Илимдер академиясында деле бекер окуган жок да. Атамдын колун байлаган айылдагы үч байбиче (атасынын бир туугандары) болду. Алардын балдары жок болгондуктан айылга таштап кете албай койду. Шаардагы университетте иштеген курбалдаштары “мүмкүнчүлүгүң жок болуп калды, сенден бир жакшы профессор чыкмак” дешчү. "Академик" деп тергешчү. Эч качан кызматка умтулган жок. Кээде апам "ай, эл деле минтип жатпайбы, антсең боло” деп айтат. “Байбиче, андайга умтулба, кереги жок, мен тынч өмүр сүргөндү жакшы көрөм” деп койчу. Ишке ашпай калган көп максаттары калды. Бирок өкүнбөгөнгө аракет кылганын байкачумун.
— Агайдын окуучулары жогорку окуу жайга физика сабагынан сынаксыз кирчү экен...
— Атамдын эмгегин эл агартуу жагы өтө сыйлачу. Барган текшерүүчүлөр жасаган иштерин, илимий эмгектерин көрүп баа беришкен. Атамдын жолдомосу менен барган окуучу университеттин физика факультетине сынаксыз өтчү. Ошол окуучулардын арасынан мыктылар көп чыкты. Мурда карапайым адам өз эмгеги менен көтөрүлгөн. Эл баалайт. Ал кишинин колдонгон китептери, жазгандары, окуу куралдарынын баарын мектептеги музейге өткөрүп бергенбиз. Азыр жашаган айылындагы өзү жашаган көчөгө аты берилди.
Атамдын атын булгабаганга аракет кылчумун. Мектептен атам мени тургузуп сурачу, жооп бере албай калсам “2” деп койчу. Ызаланып келип, чоң энеме арызданчумун. Атама айта алчу эмесмин, түшүнбөй жаткан жеримди да жазганып сурачу эмесмин. Чоң энем сурап берчү. Урушпаганы менен сүрдүү киши болчу. Мени Ленинградга алып барып “атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны” деп көп жерлерди кыдырткан. Кийин политехке келгенде да атамдын атын угуп тааныгандар болду. Айылда да урмат кылышат, сыймыктанам.
— Өмүрүнүн акырын кандай өткөрдү?
— Накен Касиев окуучусу болчу. Бир жолку өлүмдөн атамды ошол киши алып калган. Тез арада консилиум кылып, операция жасай койду. Ошону менен атам экинчи туулгандай болду. “Агай, өзүңүздү караңыз. Жүрөк оюнчук эмес” деп көп айтчу. Бир ирет атам анын жолун жолдогонума ыраазы болуп, бирок “ка-ап, сен эркек бала болуп калсаң эмне, ээ” дегенде жооткутуп, “жалгыз бала мүмкүн эрке, хулиган болуп калсачы” деп койдум эле. Мен атамдан сабырдуулукту, элге мамиле жасоону мурастап калдым. Өзүм да атама окшошмун.
Кыз төшөктө жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2023
Дени сак адам жаман түш көрбөшү керек. Невролог Жамал Турганбаевдин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0