Күндүн табы кайтабы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПешеходы переходят проспект Чуй в Бишкеке. Архивное фото
Пешеходы переходят проспект Чуй в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Жазылуу
Келерки жумада өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы 39 градуска чейин көтөрүлөт.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет 17-июнга чейин Кыргызстандын аймагында кандай аба ырайы болору тууралуу маалымат берди.
Божомолго ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, айрым жерлерде өткүн өтөт, ал эми бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Чүй жана Талас облустары

11-14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 15-16-июнь күндөрү жаан-чачын болбойт. Ал эми 17-июнда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

11-13-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 14-16-июнда көпчүлүк аймактарда күнү-түнү өткүн өтүшү ыктымал. 17-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

11-15-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-июнда күн ачык болот. Ал эми 17-июнда тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Нормадан 1 градуска жогору... Июнда аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0