Кыргызстанда канча чет элдик студент окуйт?

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүУниверситетте сабак учурунда чет элдик студенттер. Архив
Университетте сабак учурунда чет элдик студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Жазылуу
Чет элдик студенттердин жарымынан көбү — коңшу өлкөнүн жарандары.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 2022-2023-окуу жылында 71,7 миң чет элдик студент билим алганын Улуттук статистика комитети кабарлады.
Анын 43 миңден ашыгы — КМШ өлкөлөрүнүн жарандары:
Өзбекстан — 40 282;
Казакстан — 3 179;
Россия — 1 916;
Тажикстан — 876;
Түркмөнстан — 64;
башка мамлекеттер — 36.
КМШнын башка өлкөлөрүнөн:
Индия — 15 306;
Пакистан — 8 407;
Түркия — 467;
Кытай — 399;
Афганстан — 347;
башка мамлекеттер — 395.
Салыштыруу үчүн Улуттук статистика комитети 2012-2013-окуу жылынын маалыматтарын берген. Ал убакта чет өлкөлүк студенттер бир топ эле аз (11,3 миң студент) болгон. Көбү Казакстандан (4 357), Өзбекстандан (1 219) жана Индиядан (1 137) келген.
Делегаттардын өкмөт башчыларынын советинин мүчөлөрү менен иштиктуу эртең мененки тамак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Кыргызстандык студенттердин идеясын ЕАЭБдин өкмөт башчылары колдоду
Жаңылыктар түрмөгү
0