Асмандан ыр келет деп ойлоп... Акын Асылбек Маратовдун видеомаеги

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет төкмөлүк өнөрдү 15 жашынан аркалаган Асылбек Маратовду кепке тартты.
Маектешимден төкмө акындар сахнада көрсөткөн кыргыздын улуттук баалуулук, нарк-салттарын күнүмдүк кадимки жашоосунда, ал тургай баскан-турганында, сүйлөгөн сөзүндө да алып жүргөнүн байкадык.
Маратов менен чыгармачылыгы, кыргыз тили, төкмөлөрдүн ич ара мамилеси, кыргыздын келечеги боюнча ой-толгоолору тууралуу кеп курдук.
"Кабат-кабат үй салып, жолтандабас айдагандарды кыргыз эли культ кылып алгандыгы өкүндүрөт. Элибиз эзелтен "нарктуу уул бол", "эл уулу бол, элдин кызы бол" деп бата берген. Менин балдарым чиновник эмес, дал ушундай нарктуулукту, салттуулукту жайылткан манасчы, комузчу, төкмө акын болсо кубанмакмын", — деди ал.
Тема боюнча:
Социалдык тармакты мукам үнү менен жарган Ырыскелди. Видеомаек
Жаңылыктар түрмөгү
0