“Кыргызстанда жасалган” бренди таанымал экени — сыймык! Жапаровдун куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКийим тигуу фабрикасынын жумушчулары. Архив
Кийим тигуу фабрикасынын жумушчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Жазылуу
Өлкө башчы жеңил өнөр жайындагы жетишкендиктер соода, кездеме менен фурнитураларды даярдоо жана сатуу, жабдууларды оңдоо, билим берүү системасы, транспорттук логистика тармактарын да өнүктүрүүгө өбөлгө болуп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бүгүнкү күндө “Кыргызстанда жасалган” аттуу бренд ЕАЭБде таанымал экенин сыймыктануу менен белгилейм. Европа рынокторуна чыгуу боюнча дагы бир топ иштер жүргүзүлүүдө. мындай иштин аркасы менен Кыргызстан кеңири таанылып, позитивдүү имидж калыптанууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн белгиленип жаткан өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып айтты.
Өлкө башчы жеңил өнөр жай тармагы өлкө экономикасынын ажырагыс бөлүгү болуп, жалпы эле өнөр жай тармагынын өнүгүшүн шарттоочу маанилүү тармак экенин белгиледи. Анын айтымында, жеңил өнөр жай өзгөчө көңүл бурууга толугу менен арзыйт. Себеби ал салттуу жана заманбап технологияны бириктирип, экспортко багытталган сапаттуу жана функционалдык өнүмдөрдү жаратып, өз чөйрөсүндө аброй таап келе жатат.
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Президент Садыр Жапаров
"Кыргызстанда жасалган” аттуу бренд ЕАЭБде таанымал экенин сыймыктануу менен белгилейм. Европа рынокторуна чыгуу боюнча дагы бир топ иштер жүргүзүлүүдө. мындай иштин аркасы менен Кыргызстан кеңири таанылып, позитивдүү имидж калыптанууда. Учурда бул тармакта алектенген ишканалар заманбап жабдуулар менен жаңы өндүрүш технологияларын колдонуп келет. Мезгил талабына, мода тенденцияларына жана экспорттук рыноктун керектөөлөрүнө заматта жооп берип келесиздер. Сиздердин мындай талбаган иш-аракетиңиздердин аркасында бир катар чектеш тармактар: соода, кездемелер менен фурнитураларды даярдоо жана сатуу, жабдууларды оңдоо, билим берүү системасы, транспорттук логистика өнүгүүдө. Жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнүн натыйжасында жүз миңдеген адам жумуш менен камсыз болуп, Кыргызстан элинин бакубат жашоосуна шарттар жаралууда", — деди Жапаров.
Ал кызматкерлердин заман агымы менен тең аккан, чарчап-чаалыкпаган мээнети үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы жаңы-жаңы бийиктиктерди багынтууга умтула берүүнү каалаган.
Акчасы жакшы, түйшүгү көп тигүү цехтери. Тигүүчүнүн видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Акчасы жакшы, түйшүгү көп тигүү цехтери. Тигүүчүнүн видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0