ЖМК: Батыш мамлекеттери "жооп берчү" күн келет, буга 5 себеп бар

© AP Photo / Olivier MatthysНАТОнун Брюссельдеги штаб-квартирасы. Архив
НАТОнун Брюссельдеги штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Жазылуу
Батыштын "тынчтык орнотуу" боюнча миссиясынын чыныгы жүзү ачылып калды.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жаңы реалдуулукту тааныбай жаткан Батыш мамлекеттери "жооп берет". Анын жыйынтыгында көп полярдуу дүйнө пайда болот. Бул тууралуу Келечектин глобалдык институтунун негиздөөчүсү Чандран Наир The National Interest басылмасы үчүн жазган макаласында айткан.
Автордун пикиринде, Батыш державаларынын жооп беришине оңтойлуу учур түзүлүп жатат. Буга беш себеп бар.
Биринчиден, көндүм тарыхтын кайра каралышы. Наир белгилегендей, Батыш колониялык бардык доордо тарыхый окуяларды өзү каалагандай калчап келген жана өзүн заманбап цивилизациянын жаратуучусу, жакшылыктын жарчысы катары сүрөттөгөн. Бирок учурда абал өзгөрүүдө. Маалыматтык технологиялар маалыматка, тарыхка болгон Батыштын монополиясын талкалады.
Экинчи тенденция — бул алар түзгөн эл аралык тартип дүйнө жүзүндө "шылдыңга" кабылды. Автор буга Батыштын ар дайым өзүнүн эрежелерин өзү бузуп жатканы себеп экенин айткан. Мындан улам бул тартиптин легитимдүүлүгү күмөн саноону күчөтүүдө.
Үчүнчүдөн, Батыштын "тынчтык орнотуу" боюнча миссиясынын чыныгы жүзү ачылып калды. Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү АКШ башында турган Батыш мамлекеттери согуштан акча табат деп эсептейт. Наир дүйнө тынчтык ишин жалгыз гана Батышка ишенип берүү болбой турганын түшүнүп калды деген пикирде. Себеби алардын экономикасы конфликтилердин эсебинен жакшы киреше табат.
Төртүнчү тенденция — Батыштын финансылык түзүлүшүн "тактыдан кулатуу". Автордун айтымында, Батыш державалары өзүнүн финансылык кубаттуулугун геосаясий пайда жана максаттар үчүн колдонору эч ким үчүн сыр эмес. Учурда АКШнын долларга байланыштуу артыкчылыктарын жок кылуу, SWIFT банктык системасынын альтернативасын түзүү аракеттери жүрүп жатат.
Бешинчиден, Батыш прессасына болгон ишенимдин кыйраганы.
Наир белгилегендей, Батыш мамлекеттери өздөрү түзүп алган көбүктө жашап, реалдуулукту кабыл албай жатат. Бирок азыркы дүйнө кансыз согуш бүткөндөн бери мурдагыдай болбой калган.
Угледар жанында бронетранспортердо украиналык аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Садага чабылат". НАТОнун кайсы өлкөлөрү Украинага аяк басышы ыктымал?
Жаңылыктар түрмөгү
0