Оштун Араванында өзгөчө аялдамалар пайда болду. Видео

© Sputnik / Саид ЦарнаевЗаманбап аялдама. Архив
Заманбап аялдама. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Араван (Ош облусу) районундагы Алля Анаров айыл өкмөтүндө заманбап, өзгөчө 24 аялдама пайда болду.
Мындай жайлардын видеосу социалдык тармакка тарады. Кадрдан анын ичинде телевизор, телефонду кубаттай турган жабдуу бар экенин көрүүгө болот. Кышында жылуу, жайында салкын бул аялдама кыргызстандыктардын суктануусун жаратууда.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Мамиржан Кадыровдун айтымында, ар бир аялдаманы жасоого 135 миң кеткен. Каражат демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн.
Буга чейин Ысык-Көл облусунда аялдама боюнча чыр болгон. Аны курууга жергиликтүү бийлик 844 миң сом коротуп, коррупцияга шектелип эки адам кармалган.
Президент Садыр Жапаров бул туурасында кеп кылып, ордуна жаңысы курулду.
Талас шаарындагы 4 миллион 880 миң сомго курулган балдар аянтчасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Акыркы эскертүүм! Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0