Киши улам ооруй берет. Стресстин иммунитетке тийгизген таасири

© Фото / Pexels / Polina ZimmermanЫйлап жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт
Ыйлап жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Жазылуу
Адис стресстин организмге тийгизген таасирин көзөмөлдөп туруу үчүн сүкүт чалып, йога менен машыгууну, туура дем алганды өздөштүрүүнү сунуштаган.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Иммунитет менен стресс бири-бири менен тыгыз байланышта. Психологиялык стресс иммундук системага терс таасир тийгизип, организмди алсыздандырат. Бул тууралуу психотерапевт, психолог Юли Солис "Известия" басылмасына айтып берген.
Эксперттин айтымында, өнөкөткө айланган стресс организмдин сезгенүүсүн күчөтүп жиберет. Сезгенүү — иммундук системанын инфекцияга же кандайдыр бир илдетке каршы табигый реакциясы, бирок анын ашыкча болушу артрит, жүрөк оорусу жана диабет сыяктуу дарттарды шартташы мүмкүн. Сезгенүүнүн күчөп кетиши иммундук системанын ишин начарлатып, инфекцияны кабылдатып жибериши ыктымал.
Солис стресс лейкоцит жана лимфоцит сыяктуу иммундук клеткаларга да терс таасир тийгизерин белгилеген. Бул организмдин инфекция менен ар кандай ооруга каршы күрөшүн начарлатат.
"Мындан тышкары, стресс организмди тышкы таасирден сактап турган терини да жабыркатат. Уйкуну бузат, бул дагы иммундук системага терс таасир тийгизет. Стресстен улам адамдын жүрүм-туруму да өзгөрөт, башкача айтканда, ичкиликке берилип, тамекини көп тартып калат, айрымдар тамак-ашты ылагабай ашыкча жей баштайт", — деди Солис.
Адис стресстин организмге тийгизген таасирин көзөмөлдөп туруу үчүн сүкүт чалып, йога менен машыгууну, туура дем алганды өздөштүрүүнү сунуштаган. Буга таза абада сейилдөө да жакшы жардам берет. Кыймыл, туура тамактануу — миңдин бири. Психотерапевт стресс менен күрөшүүдө убакыт-сааты менен уктоо, өз убагында эс алуу да маанилүү экенин белгиледи. Буга катар социалдык байланышты унуткарбай, жакын адамдар менен баарлашуу, көңүлгө жаккан иш менен алектенүү, ошондой эле ичкилик менен тамеки тартууну азайтуу да стресстин таасирин төмөндөтөт.
Таяк кармаган кары киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
65 жаштан өткөндө көп кездешет. Деменциянын алдын алуу жолдору
Жаңылыктар түрмөгү
0