14-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Андрей Варенков / Медиабанкка өтүүТоолордогу жаан. Архив
Тоолордогу жаан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Жазылуу
14-июнга караган түнү Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Шаршембиде күндүз айрым тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл чөлкөмүндө +24...+29 жана Нарын жергесинде +23...+28 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34...+36, Ош калаасында +35...+37, Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градусту көрсөтөт.
Скважина казуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Бишкекте 6 жерде жаңы скважина казыла баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0