Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абактагы бейтаптар кандай учурда сырттагы ооруканаларга жиберилет?

© Sputnik / Асель СыдыковаЖаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Медициналык башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, кургак учук боюнча координатор, ички кызматтын полковниги Гүлсара Куканова
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Медициналык башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, кургак учук боюнча координатор, ички кызматтын полковниги Гүлсара Куканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Жазылуу
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Медициналык башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, кургак учук боюнча координатор, ички кызматтын полковниги Гүлсара Куканова ооруканага жиберилген абактагы бейтапты атайын адамдар коштоп жүрөрүн айтты.
Былтыр абактагы 300дөн ашуун жаран сырттагы ооруканага консультацияга жиберилип, 100дөн ашууну ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Гүлсара Куканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абактагы бейтаптар кандай учурда сырттагы ооруканаларга жиберилет?
Анын айтымында, абактагы бейтап дарыгерлер тобунун чечими менен гана дарылануу үчүн сыртка чыгарылат.
"2020-жылы Саламаттык сактоо министрлиги жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Медициналык башкы башкармалыгынын бирдиктүү буйругу чыккан. Анда КРдин пенитенциардык тутумунда баңгиликтен, алкоголдук жана химиялык көз карандылыктан, ошондой эле ВИЧ/СПИД жана кургак учук сыяктуу жугуштуу оорулардын жайылышын азайтуу боюнча долбоорлордун туруктуулугуна жетишүү боюнча программа бекитилген. Ага ылайык, бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Буга чейин Чүй районунун Молдовановка айылындагы №31 мекеменин аймагында Жаза аткаруу кызматынын борбордук ооруканасы курулду. Жаңы мекеме 275 орунга ылайыкталган. Ооруканада төрт бөлүм (операциялык бөлүмү менен хирургиялык, терапевттик, нейропсихиатриялык жана наркологиялык бөлүмдөр) бар. Бардык жабдыктар жетиштүү болгондуктан абактагы бейтаптар толугу менен ушул жерден алгачкы текшерүүдөн өтүшөт. Биздин пенитенциардык тутумда клиникалык жана бактериологиялык эки чоӊ лаборатория иштейт. Бул жерден анализдер тапшырылып, оорулуунун илдети аныкталган соӊ аны дарылоого керектүү жабдыктар болбогон учурда жарандык тейлөөгө жөнөтүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине кат жазылат. Андан соӊ абактагы бейтап дарыгерлер тобунун чечими менен дарылануу үчүн сыртка чыгарылат", — деди Куканова.
Ал сырттагы ооруканага жиберилген абактагы бейтапты атайын адамдар коштоп жүрөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0